Эсенаман
Ниже этой записи в санжыре пока ничего нет.
Бири-биринен көчүрүлбөгөн Осмонаалы Сыдыков жана Насирдин Бөөмбаевдин эмгектеринде Эсенаман 1841-ж. 85 жаш курагында каза болгону эскерилет, демек ал 1756-ж. туулган. Көпчүлүк санжырачылар Эсенамандын ысымын кыргыздардын эсен-аман Чүйгө көчүп келиши менен байланыштырат. 20-кылымда түзүлгөн СССРдин географиялык топокартасында Ашмаранын сол куймасы «Эсенаман суусу», ага жакын чоку (4040 м.) «Эсенаман тоосу» деп көрсөтүлгөн.