Аталар АКИpress
RU KG
Войти через АКИpress

Жаңы санжыра

Ниже по этой ветке 15 462 записи.

Показать деревом

Жаңы санжыра.

Дүйнө жүзүн Улуу топон суу каптагандан кийин, жалгыз гана Адам атанын балдарынан Нух пайгамбардын үй-бүлөсү гана аман калган экен. Нух пайгамбардын үч уулу болгон Хам, Сам жана Яфас. Яфастын тукумдары Чыгыш тарапты ээлешип, жаңы шаарларды, жаңы өлкөлөрдү курушту. Кийин ЯфАСтан тарагандар өздөрүн АС деп атап калышкан. Ал эми Батышта жашаган башка элдер АСтар жашаган жерди АСия (Азия) деп атап калышкан. Астар Батышта жашаган элдерди “Эреб” деп аташып, кийинчерээк Эреб деген сөз Европ (Europe), Европа деген сөзгө айланган. Астардын тукумдары көбөйүп, башка элдер менен аралашып, акырындык менен алардын тили, дини, маданияты өзгөрүлгөн. Ошондуктан АС тукумдарынан тарагандардын аталыштары ар кандай аталышка өзгөргөн. Мисалы: АС – АЗ – ЫЗ – ӨЗ – УЗ – УС. Кээ бир элдердин аталыштары алгачкы аталыш менен сакталып калган. Мисалы: хакАС, АЗербайджан, хАЗар, кАЗак, кыргЫЗ, гагаУЗ, огУЗ, УЗбек (ӨЗбек), УСунь. ЫЗдардын кырк уруусу байыркы кыркЫЗ – кыргыздар Теңир-Тоонун чыгышын ээлеп жашап турганда баскынчылардын кысымына чыдабай эки жакка тарап кетишкен. Бир бөлүгү Теңир-Тоонун батышын көздөй, экинчиси Алтай, Эне-Сай тарапка ооп кетишкен. Теңир-Тоонун батышына оогон кыргыз элин кытайлар усун дешчү. Усун деген УС ОН деген сөздөн келип чыккан. УС ОНдун маанисин чечмелегенибизде, кырк уруу кыргыз элинин ону (он бөлүгү) дегенди билдирген. Усундар же болбосо кыргыздар Эне-Сайдагы кыргыздардай эле коңшу элдерден, көздөрү көк, чачтары сары болуп айырмаланышкан. Орто кылымдын башында азыркы Кыргызстан жайгашкан жер ОН ОК БУДУН деп аталган. Бул сөз – он уруудан тараган эл дегенди түшүндүрөт. Ал эми Алтай тарапка оогон кыргыздарды Манас баатыр бириктирип, чогултуп, Ала-Тоого көчүрүп келген. Манас: "Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым." Байыркы Индия тилинде МАНУ деген сөз биринчи адам дегенди билдирет. Англис тилинде дагы MAN, эркек адам дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Манас АС элинен чыккан кырк уруу кыргыздын башын бириктирген, алгачкы баатыр болгону үчүн МАН-АС астардын биринчи адамы (башчысы) деп аталып калган. Айкөл Манас өлгөндөн кийин, кыргыздардын кырк уруусу душмандардын кысымына чыдабай туш тарапка бөлүнүп кетишкен. Кайрадан кыргыздардын башын бириктирүү үчүн, Долон бий менен Салус бий чыккан. Кырк уруу кыргыздын башын бириктирүүдө, Долон бийдин эки уулунан тараган отуз уруусуна, Салус бийдин он уруусу биригип, байыркыдай Он канат, Сол канат жана Ичкилик болуп катарга тизилишти. Андан тышкары, кыргыздардын катарына ар түрлүү уруулар (сарт-калмактар ж.б.) кошулган...

Сен дагы кырк уруу кыргыздын катарында барсыңбы? Төмөндөгү кыргыздардын катарына кошул, кыргыз!

Потомки

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти