Эгемберди
Ниже по этой ветке 7 записей.
Маанаев, Эгемберди (1933-ж. туулган). Тарых илимдеринин доктору, профессор. 1963-ж. Каратегин кыргыздарынын этностук тарыхы, этногенези, этнографиясы, салттуу маданияты боюнча кыргыздын улуттук илимпоздорунун ичинен эң алгачкы жолу тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргогон. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. Советтик-партиялык уюштуруу иштеринде эмгектенген. Кыргызстан КП Тарых институтунда илимий кызматкер, Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер Педагогикалык институтунда проректор болуп иштеген. Учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз Педагогикалык университетиндеги Тарых жана социалдык-коомдук илимдер институтун жетектейт. Каратегин кыргыздары жана алардын этностук тарыхы, жайгашуу ареалы, этнографиясы боюнча бир катар эмгектерди жарыкка чыгарган. Кыргыз мамлекеттүүлүгү, эл агартуучулары жана башкалар боюнча эң алгачкы илимпоз-инсандарды иликтеп, бир катар илимий басылмалардын чыгышына авторлош болгон. Кыргыз элинин этностук тарыхы, этногенези, этнографиясы жана башка маселелер боюнча докторлук, кандидаттык диссертацияларды жетектейт- Кыргыз Республикасындагы тарых жана коомдук илимдердин окуу-илим борборлорунун өнүгүп калыптанышына жигердүү салым кошуп келүүдө. Wikipedia