Кадыр
Ниже по этой ветке 21 запись.
Табиев Кадыр 1919-жылы туулган, ал ШМКнын андан кийин кеңеш мектебинин 7-классын бүтүп, Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анык К.Кондучалова, А.Сүйөркуловдор менен ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы Нарын областынын Куланак орто мектебинде директор болуп иштөө менен өзүнүн эмгек жолун баштаган. 1939-жылдан 1945-жылдарга чейин Советтик армиянын катарында болуп Фин, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуштан "старший лейтенант" деген наам, орден-медалдар менен кайра мекенине келген. Согуштан келгенден кийин Ысык-Көл обком комсомолунун экинчи секректары, Большевик колхозунун башкармасы, Коңурөлөн орто, Сталин (Мамбетов) атындагы орто, Гоголь атындагы сегиз жылдык мектептерге директор, Пушкин атындагы орто мектепте завуч болуп иштеген. Өзүнүн адамкерчилиги, кенпейилдиги, жоомарттыгы, терең акылдуулугу, сөздү орду менен сүлөй билген чечендиги менен элдин урмат-сыйына татыган адам болгон. Кажы-Сайлыктар эмгегин баалап, сый-урмат менен Садовая деген көчөсүнө ысмын ыйгарышкан эле.