Карачоро
Ниже по этой ветке 523 записи.
Тагай бийдин баласы Карачоро атасын издеп, ага бир канча уулдарды алып келген. Ал окуя мындайча болгон.
Тагай бий өз жеринде кадыр барктуу адам болгон, ал тургай коңшу элдерге да атагы чыгып турган. Көчмөн элдер бийдин жоокерлеринин күчүнө таянышып, алар менен бирге жоо чабышчуу. Ал эми отурукташкан калк мейман достук мамиледе болушуп, мал-мүлк жаатында карым-катнаш жазашкан болсо, мал сатып алуу үчүн жакшы мамиледе болушкан.
Күндөрдүн биринде Бухаранын ханы Тагай бийди конокко чакырат. Ал жигиттер менен көпкө мейман болушат. Кокустан кечки тамак тартылып, олтурган коноктордун арасында Тагай бий жок болуп чыгат. Хандын сарайын түрө кыдырып издеп эч жерден таппай коюшат. Бир убакыттан кийин, хандын кызматкерлери ханга барып, айтуудан тартынышып, ханды Тагай бийди таап алган жерине алып барышат. Караса, баягы Тагай бий арыктын жээгинде отуруп алып, көйнөгүн жууп жаткан экен. Ошондо хан айтат: “Кокуй, Тагай бий жубайынын жанында жоктугунан, өзүнүн көйнөгүн өзү жууп жаткан турбайбы, тез аранын ичинде үйлөнтүшүбүз керек”. Ошентип Ак Сарайдан тандап Тагай бийдин көзү түшкөн Зуракан аттуу аял затка үйлөнтүшөт. Той өткөрүп Кашгардын ханы кубанычта болот. Анткен себеби, кыргыздар менен болгон соода-сатык мамилеси чоң киреше алып келет, деген ойдо болгон.
Арадан, бир нече ай өтүп, Тагай бий жигиттери менен кайрадан өз эл-журтуна кайтаар мезгил келет. Бирок Зуракан кош бойлуу болгондуктан, жолдун узактыгын ойлоп, так кесе каршы болот. Зураканды канча суранган менен аны макул кыла алышпайт. Ошондо Тагай бий: “Эгерде эркек бала төрөлсө, эртели кеч ал элин издеп барат. Качан ал эр жигит болгондо, менин бул бычагымды бер. Эгер ал мени тапса, мен аны ушул бычактан тааныйм” - дейт.
Ошентип ай күнү жетип Зуракан эркек бала төрөйт. Баланын атын Жура койот. Ал өтө шок, күчтүү болуп чоңойот. Жура табиятынан кара тору бала болот. Үйдө олтурганды жактырбаган Жура, күндүн нуруна ого бетер күйгөн бала болот. Ошондуктан Каражура деп айтылып калган. Күндөрдүн биринде Каражура үйгө капалуу келет. “Ким сени таарынтты уулум? ” – деп Зуракан энеси сурайт. “Биз күч сынаштык, мен балдардын баардыгын жеңдим. Алардын арасынан бирөө тукумсуз кыргыз, атасыз экендигимди айтып кыйкырды мага” – деп Каражура энеси Зуракандын тизесин кучактап ыза болуп ыйлады.Ошондо Зуракан турмушка чыгууну чечти. Көптөн бери, бир жакшы ыймандуу убадалашып коюшкан кишиге турмушка чыгат. “Эми ата ордуна ата болоор бекен” – деп ойлондуу Зуракан. Ошентип турмушка чыгып, дагы бир эркек уул төрөлөт. Ал сары болот. Атын Сарыжура койот. Эки уул бири-бирине жолдош болушсун деп. Иран тилдеринде “жура” деген сөздүн маанисин чече келгенде, “жоро-жолдош” дегенди түшүндүрөт.
Каражуранын эсинен эч чыкпай, баягы тукумсуз “кыргыз” деген сөз жанын жай тапшырбай өзүнүн чыныгы атасы тууралуу билгиси келет. Күндөрдүн биринде бир окуя болот. Каражуранын жашоосун түп тамырынан бери өзгөрткөн.
Ага-ининин туура эмес бир чекиш ишке, хандын ачуусу келип, жазалаганга буйрук кылат. Эки бир туугандын ишин, адилеттүү карап бериңиз, деп келген атасын, хандын кызматкерлери өлөөрчө сабап, дарыяга ыргытып жиберишет. Ошондо энеси Зуракан балдарын сактап кылыш үчүн Каражурага болгон чындыкты айтып берүүнү чечет. Анын атасы Тагай бий, ал кыргыз, жашаган жери Ала-Тоо деп баардыгын айтып берет. Ушул бычак аркылуу тааный тургандыгын айтат. Каражура менен кошо анын инисин чогу жөнөтөт. Бирок Тагай бийди таап ага жоолукканыңарда экөөңөрдүн бир тууган экендигиңерди, эч кимге айтпагыла дейт. Анткени Тагай бий башка аялынан балдары силерге жамандык кылышы мүмкүн деп, акыл насаатын айтып Тагай бийге качыртат имиш. Ошентип эки бир тууган алыскы жолго аттанышат.
Жол азабы, көр азабы дегендей абдан кыйналышат. Бирок ага-ини бири-бирине жардам, дем, күч беришет. Өзүнүн кичүү ини экендигине карабастан, Сарыжура тамак-аш салынган баштыкты көтөрүп алат. Бир канча күндөн кийин алардын алдынан бир бала кезигет. Ал жалгыз, үйсүз жана эптеп күн көрүп жүргөнүн айтат, анын аты Байызбек болот. Каражура ал байкуш, бечара балага, атасы Тагай бийге бара жатканын айтат. Өзүнө ал баланы кошуп алат. Ошентип үчөө жол тартышат. Арадан бир канча күн өтөт. Алар келе жатып токойго туш келишет. Күтүүсүздөн токойдун ичинен бир чедирейген бала чыга келет. Ал баладан сурамжылап отуруп, айылы жайлоого көчүп жаткан учурда, калмактар кол салышат. Ошол учурда бала коркконунан калың токойдун арасына жашынып калат. Качан гана таң атып, күн чыкканда токойдон чыгып, эли журтун таппай калат. Анда токойдо тапкан мөмө-чөмөлөрдү жеп жүрүп курсагы чедирейип калган экен. Жолуккан жолоочулар баланы өзүлөрүнө кошуп, бирге жөнөшөт. Мына ошентип төртөө бир топ күн жол жүрүшөт. Жол азабын бирге тартышат. Бири-бирине бекем, бир туугандай болуп калышат. Акыры бир күнү Тагай бийдин айылын таап келишет. Алардын түрүн көргөн айылдын балдары, силер кимсиңер, эмне кылып жүрөсүңөр дегенсип, тийишишет. Каражура белиндеги бычагын алып, досторун калкалайт. Ошол учурда өтө алыс эмес жерде, аксакалдар менен отурган Тагай бий өзүнүн бычагын таанып, чакырылбаган конокторду өзүнө ээрчитип келүүсүн буюрат. Каражуранын озүнөн анын тарыхын угат. Тагай бий бүтүндөй элинин алдында өзунүн уулу экенин жар салып, атын кыргызча “Карачоро” деп атап, азан чакырат. Андан кийин Тагай бий Карачорону ээрчип келген балдардын, ал жайын сураштырат. Карачоро атасына аларды бирден тааныштырат.
- Сизди издеп келе жатсам биринчи бул бала жолукту, сураштырсам ата-энесинен ажырап жетим калыптыр. Жол азыгымды көтөртүп ээрчитип алдым – деп баштады.
- Азыгыңды көтөрүп алса, жакшы бала экен, бул да менин балам болсун, атын Азык койдум – деген экен бий.
- Бул бала болсо журтта калган селсаяк бала экен, макул болгондуктан муну да ээрчитип алдым, - деп тааныштырды Карачоро.
- Бул да менин балам болсун, аты Саяк болсун.
Андан кийинки баланын баянын укканда, Тагай бий “Курсагы чедирейген бала экен, бул дагы менин балам болсун, атын Черик койдум” – дейт.
Тагай бий баардыгын жылуу кабыл алып, балалуу болгондугунун урматына элине чоң той берген.