Барат
Ниже по этой ветке 57 записей.
Барат
Кыргыздар, жортулдук заманда Дөөлөс уруусу, Чүйгө солто уруусуна кол салып, элин чаап, көлгө айдап кеткен. Айдалган адамдардын арасында бир сулуу келин болгон. Анын сулуулугуна кызыгып, бир байы үйлөнүп алат. Айялдын ошол учурда үч айлык бойунда болгон.
Бир нече убакыттан кийин, айял эркек бала төрөп, анын өтүнүчү боюнча, балага “Барат” – деген ат коюлат. Баланын апасынын ою боюнча, балам аман болсо, өз элин таап барат деп деген ат коюлган. Мезгил өтүп, бала чоңойюп, эстүү, тири карак бала болот.
Элден уккан сөздөрдөн бала эли, жери Чүй экенин угуп, апасы менен кеңешип, Чүйгө өз элин издеп жол тартат.
Чүйгө келип, аттуу-баштуу адамдардын бири болгон “Үкү” – деген адамга жолугуп, өзүнүн баянын айтып, бала кылып алуусун суранат. Ошондо “Үку” баланын тири кара экенин байкап, бала гылып – элге жырыялайт.
“Барат” – тың чыгып, өзүнүн тегерегине жигиттерди топтоп, жылкы чаап “Үкүнүн” баркын көтөрө баштайт. “Үкүнүн” кадыры өсүп, байлыгы өсө баштайт.
Баратка “баатыр” – деген ат менен кайрылып калышат, себеби ал эч нерседен кайра тартпаган өжөр, эл менен тил табышкан жигит болгон. Көбүнчө казактарга жортулга чыгып, малдарын айдап келип, Үкүну байыткан. Бараттын аркасы менен Үкү – Чүйгө барктуу адамдарга айланат.
Бир жолу, Барат казактардан жылкы чаап келе жатып, көн кечтеп кеткендиктен эски коргондун (мүрзөлөрдүн) жанына келип токтошуп, эс алып конуп кетүүгө бел байлашат. Кызыр эмди тай союшуп, казан асышат, бирок отун жок болгондуктан оозу ачык мүрзөлүрдүн жыгачтарын (мурун, мүрзөнүн казанагына жыгач коюшкан) сууруп, отун катарына пайдалангыла – деп Барат буйрук берет. Ошол мезгил күн баткан, ирең-бараң мезгил болот. Барат баш болуп, оозу ачык мүрзөлөрдөн жыгачтаран сууруп ала башташат. Ошондо, эки жигит өз ара сүйлөшүп, “Баатыр – баатыр дешет коркобу, кел сындап көрөлү” – деп суйлөшүшөт.
Бири сырт кийимин чечип, ак көйнөк дамбалчан болуп, оозу ачык мүрзөнүн ичине кирип отуруп алат. Качан гана Барат келип, эңкейип жыкачты алмак болгондо, ичтеги жигит шарт эте билектен алат, ошондо барат эч коркпостон колун силкип “Жат, атаңдын оозун урайын, өлгөн сен эмес, тирүү биз оокат кылалбай жүрөбүз!” – деп силкип, чыгарган жыгачтарын алып кетет. Бул окуядан кийин, жигиттери - чын эле баатыр экен деп, ого бетер баш ийишкен экен.
Бараттын аркасы менен Үкүнүн байлыгы күн санап өсүп, кадыр-баркы өркүндөйт.
Кийин Үкүнүн балдарынын арасында байлык жөнүндө нараазылык болуп, Үкү балдарын ынтымакка чакырып, малдарын тең бөлүп бермек болот. Бул ойун Баратка айтканда, Барат макулболуп, түн ичинде малдарга өзүнүн белгисин салып, малдын көбүн алган экен. Барттын “ай белгиси” – деген белги бүгүнку күнгө чейин биздин Солто уруусунда сакталып, колдонуп келе жатат. Барат уруусу азыркы күндө Чүй өрөнүндө мурунку “Социалчы” азыркы Курманалиев атындагы айылында жашашат. Ал айылда Үкү – Барат уруусу негизинен отурукташкан.