Аталар АКИpress
RU KG
Войти через АКИpress

Түгөлбай

Ниже по этой ветке 47 записей.

Показать деревом

Ата Түнгатаров Түгөлбай 1892-жылы азыркы Жумгал районунда Таш-Дөбө кыштагында туулган. Атасы өтүп кетип, апасы менен ага-жеңесинин колунда болуп калат. 1910-жылы өзүндөй жигиттер менен орокчулук кылып түштүккө барат. Сыргатай ажы деген кишиникинде жалчы болуп турат. Ал жерде эмгеги, ак ниеттиги, иш билгилиги менен кадыр-баркка ээ болот. Аял алат. Сыргатай ажыга бала болуп, анын жалгыз уулу Маматкулга, кыздарына вир тууган болуп, ажынын бүт чарбасын башкарып туруп калат. Арадан 20  жылдай убакыт өтүп, эки кызы, аялы, үй-жайы менен жерине кайтып келет. 30-жылдардын ортосунда Кочкордун Мантыш айлына көчүп келип туруп калат. Мантышта колхоз уюшулуп, малды асылдандыруу максатында Кочкор совхозунан алып келинген 60 меринос козуну "чочко кой" деп эч ким бакпай койгондо атам алып багат. Атамдын чарбачылдыгы менен ал козулар төлдөп, тукум берет, кой фермасына негиз болуп берет. Атам 1941-жылдан баштап кой фермасын жетектеп, койдун туягын 10 миңге жеткирип, 1951-жылы өткөрүп берет. Андан кийин да атабыз колхоздун, кийин совхоздун чарбасына дайым активдүү кол кабыш кылып келген. Дайыма эмгектин алдыңкысы болуп, социалисттик эмгектин жеңүүчүсү, ударник болуп, грамоталар менен сыйланып келген экен. Айша апабыздан 4 кыздуу болот. Үч эжем өтүп кеткен. Азыр алардын тукумдары өсүп жатышат. Уул көрмөкчү болгон атам, Айша улгайып калганына байланыштуу, менин апамды алат. Салый апамдан көргөн балдарынан 4 уул, бир кыз барбыз. Баары үйлөнүп-жайланып, неберелүү болушуп, жакшы жашап турушат. Атам 1959-жылы өтүп кеткен. Сузак районундагы Сыргатай ажы атанын тукуму Турганбаев Токомбай менен бир тууган болуп катышып турабыз.

Потомки

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти