Черикчи
Ниже по этой ветке 106 записей.
Черикчи бий Темир уулу (туулган жылы белгисиз-1785)-1750-66-жылдардагы сарыбагыш уруусунанТемир бөлүгүнүн башчысы).
18-кылымдын 1-жарымында калмактардын айынан тундүк кыргыз уруулары Ферганага сүрүлөт.
Ферганада жүргөндө Черикчинин атасы Темир Намангандан улугуна Илидеги коңтаажынын тулпарын алып келип бреген кызматы үчүн, анын жардамы менен элин чогултуп Кетмен-Төбөгө көчүп келет.
Ал эми 1747-жылы орус дарегиндне Галдан Цэрэндин тушунда Анжиян шаарынын башкаруучулугуна Черикчи дайындалгандыгы айтылат.
Черикчи бийдин сонку ишмердүүлүгү кыргыз-кытай саясий мамилелеринде көрүнөт.
Анткени Жунгар мамлекети кулагандан кийин кыргыздарды өз тарабына тартууга аракеттенген жан ошондой эле Жунгар жетекчилерин кыргыз конуштарынан издөө салган Цинь Кытай империясынын чабармандары келе баштайт.
Алардын бири Урдена 1758-ж Черикчи бийге жолугуп Жунгар баскынчыларын колго түшүрүүдө жардам берүүсүн сурайт.
Андан кийин ушундай маселе менен Чыгыш Туркстандагы Кытай аскер башчысы Чжао-хуей Черикчи бийге кайрылат жана императордун кыргыз элчилерин жөнөтүү керктигин ынандырууга аракеттенет.
Бул маселени Черикчи бий жалгыз өзу чечпестиги жана улуу башкаруучу Маматкул бийдин макулдугу менен ишке аша тургандыгын билдирет. Көп узабай Чжао-хуэй Маматкул бийге жолугуп, Кытайга кыргыз элчилерин жөнөтүү туралуу анын макулдугун алат.
Натыйжада Черикчи бий жетектеген кыргыз элчилери 1758-ж. Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгындыгын ооз жүзүндө билдирип жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышат.
Император Черикчи бийге 3-даражадагы чиндик белги тапшырат бирок Черикчи бий Цин империясынын кыргыз конуштарына көз арткан саясатына каршы турган.
1760-ж. Жунгар жетекчилерин издеп жүрөбүз деген шылтоо менен кыргыз конуштарын аралап жүргөн Кытай аскер тобу Черикчи бий Ысык-Көлдөн сокку урган.
1762-ж түштүк кыргыз урууларынын башчысы Ажы бий, Кокондун башкаруучусу Ирдананын басып алуучулук саясатына каршы биргелешип согушуу өтүнүч менен Маматкул бийге кайрылат.
Черикчи бий жана Темир аскердик күчтөрдү топтой баштайт.
Бирок Орто Азия элдеринин кытай баскынчыларына каршы биргелешип күрөшүү жөнүндөгу макулдашуулардан кийин 1763-ж. Ош шаары кыргыздарга кайтарылып берилет.
Черикчи-бий сарыбагыш уруусун болжол менен 1760-жылдын аягына чейин башкарган.
Бийлик андан кийин Атаке жана Эсенгул баатырларга өткөн.