Аталар АКИpress
RU KG
Войти через АКИpress

Ажы бий

Ниже по этой ветке 32 записи.

Показать деревом

Ажы бий Тилеке бий уулу(туулган ж-а өлгөн жылдары белгисиз) — 18-к-дын 2-жарымындагы сая-сий ишмер; Алай-Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759-ж. июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон ш-н бийлеген Ирдана бий м-н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган достук келишим түзгөндүгү ж-дө айтылат. 1759-ж. сентябрь айында Ажы бийдин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы м-н саясий-дипломатиялык ж-а соода-сатык келишим түзүү ж-дө чакырык-жарнама ж-а кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

1760-ж. Ирдана бий Алайда тонолгон Кокон көпөс-төрүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн ш-на чейин жортуулга келген. Ажы бий жооп иретинде 1761-ж. Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы черик ж-а саяк уруу-сунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий Ош ж-а Өзгөндөн өз ыктыяры м-н чыгып кеткен. 1764-ж. жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы бий Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.

Потомки

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти