Турганбай
Ниже по этой ветке 22 записи.
Маалымат: Тооке - Баргы уруусуна кирген чоң уруулардын бири. Тоокелер сан жагынан көп болгондуктан эл ичинде, санжырада тоодой тооке, жеңдей савай деп айтылат. Мырзакенин Сабай,Тооке,Бөкөй аттуу үч баласы болгон. Тооке баатыр киши болгон экен . Жошолу айыл аймагында жашап, Алдар,Кучкач аттуу эки баласы болгон. Алдардан: Чеке, Сарыке,Кырнайза. Кучкачтан: Элике,Маамыт, Дөбөт. Чекеден: Жаманкыз, Кемпир, Төлөбай. Сарыкеден: Кашкар,Мамбет, Толубай. Кырнайзадан: Сүйөр,Темир. Кырнайза дагы Тооке чоң атасына окшоп баатыр киши болгон экен .Ал Жошолу айыл аймагындагы Миязды(азыркы Кырнайза айылы) айылында жашап Сүйөр,Темир аттуу эки баласы болгон. Темирден: Байкүчүк жана Элетен. Байкүчүктөн: Бердикожо,Молдосан,Сатыкул, Жаныкул. Жаныкулдан: Нышан,Кайып. Нышандан: Оразаали, Ниязали, Турганбай. Турганбай Тооке уруусунун акыркы бийи болгон экен. Турганбайдан: Абилата,Жакеш, Султан,Исмаил, Адың,Камал, Нурдин. Нурдин Турганбай уулу Кыргызстандын түштүгүндөгү алгачкы мугалимдердин бири болгон. Ал 1919-жылы Алай районундагы Жошолу кыштагынын Кырнайза айылында туулган. Анын атасы Турганбай Нышан уулу Алай өрөөнүнө белгилүү бий болгондуктан, Совет доорунда анын запкысын көп тарткан. Себеби, анкеталык делосуна атасы Турганбай Нышан уулу бийдин баласы деп жазылган. Атасы бий болуп карапайым элди эзген эмес. Тескерисинче, Кырнайзалыктардын жашоо турмушуна камкордук көрүп, сатып алгандан көрө арзан болот деп Алайдан 150 чакырымдай алыс турган, азыркы Кара-Суу районунун «Кызыл-Кошчу» айылынын аймагынан жер алып, суу чыгаруу үчүн арык каздырып анан эгин эктирип, аны асырап кароого дыйканчылыкты түшүнгөн адамдарды дайындап, алардын азык-оокаттарын белендеп берип, маал-маалы менен бирөөнү Алайдан жиберип кабар алып турган. Жай башталары менен малын айдатып, бүт айылындагы туугандары, айылдаштары менен айылдын маңдай тарабындагы тээ алыстан араң көрүнгөн ак карлуу тоолордун арасындагы “Көк-Мойнок”жайлоосуна чыгып, кеч күзгө чейин жайлоонун доорун сүрүшкөн. Жайлоого көч жөнөгөндө ата-бабадан калган салтты, үрп-адатты толук колдонуп көчүп жүргөн. Турганбай бий Өзгөн тараптагы бөлөсү Жаныбек казы, Ооганстан тараптагы ак карлуу тоолордун арасында жашаган Сары-Кол өрөөнүндөгү Жапаркул миң башы сыяктуу көптөгөн белгилүү инсандар менен алыш-бериште болуп, жамандык-жакшылыкта өз ара байланышта болуп, элге таасири чоң болгон. Ошентип, жашоо оош-кыйышы менен, өйдө-төмөнү менен өтүп жатканда Совет бийлиги 1917-жылы Октябрь революциясынын шарапаты менен өз бийлигин орнотту. Революция өз максатына жеткенден кийин 20-жылдардан баштап алыскы тоо арасында уруу-уруу болуп жашап жаткандарга таасирин тийгизди. «Каапырлар келатат», «Орустар өлтүрөт экен» деген ар кандай имиштер тарап кетип, эл Кытай тарапка Алайдагы ашуу менен качып кете башташты. Алардын катарында Турганбай бий да балдары, туугандары, айылдаштары менен болду. Ошондо атасы кенже уулу Нурдинди алдына өңөрүп, тонго ороп качкан экен. Ал Кытайга баргандарын, андагы кыйынчылыктарды кээде эскерип айтып калчу. Ал агалары менен кой-козуларды кайтарган экен. Арадан азыраак жылдар өткөндө Кытайдагы уйгурларга кор болуп жүрүшкөндөрдү Совет мамлекети өздөрүнө имерип, жакшы сөз, жакшы убада менен чакыра баштады. Совет өкмөтүнүн атайын кызматы айылында Кытайга кетпей же кайра баса берген тууган-уруктарын атайы жиберип, Кытайдагыларды көндүрүү, кайра алып келүү иш-чараларын активдүү жүргүзүштү. Турганбай бий да балдары, туугандары, айылдаштары менен өз жерине кайтты. Келген соң жаңы замандын эрежеси боюнча малын өздөрүнө ылайык гана алып калып, калганын жаңы бийликтин карамагына өткөрүп беришти. Арадан жыл айланбай, байларды, бийлерди, болуштарды камоо башталды. Турганбай бий тынч жашап жатканына карабастан ал дагы камакка алынып, Оштогу Алымбек датканын уулу Камчыбек салдырган үйдү түрмөгө айланта коюшуп, алданып кармалгандарды ошол жатаканага камашты. Турганбай бий караңгы, сыз бөлмөдө жатып ооруп калат да, эч кандай медициналык жардам болбогондуктан камалгандан көп өтпөй каза болот. Тун уулу Абилата атасынын сөөгүн түрмөдөн алып чыгып, Сулайман тоосунун бооруна койгон экен. (Ал убакта Сулайман тоосу дебей, Сулайман тагы деп аталган). Турганбай бийдин тун уулу Абилата, Жакеш, Султандар да Совет бийлиги тарабынан кийин камалып, ошол боюнча эмне болгондору, каякта өлгөндөрү же өлтүрүлгөндөрү белгисиз. Андан кийинки Ысмайыл, Адың,Камал, Нурдин деген уулдары, Пүсөкан деген кызы эс тартып үй-жайлуу болушат. Пүсөкан айылындагы Сулайман деген жигитке турмушка чыгып ооруп калып каза болот. Калган уулдары Улуу Ата Мекендик согушка катышышат. Кайра эсен-аман келишип, эл чарбасын кайра калыбына келтирүү иштерине активдүү катышышат. Турганбай бий уулу Нурдин тууралуу аз да болсо анын Кыргызстандын түштүгүндөгү алгачкы мугалимдердин бири болгонуна, басып өткөн жолуна токтоло кетели. Бийдин уулдарынан ушунусу гана билимдүү болгон. Аны адегенде айылдагы малканадагы-мектептен «бийдин баласысың» деп, окутпай чыгарып коюшат, ал районго арызданат. Райондон, облуска анан Москвага билдирилет. Натыйжада, мамлекет башчысы И. Сталинден: «Баласы атасы үчүн күнөөлүү эмес, баланы окуткула»- деген кат келет. Ошентип, бийдин кичүү уулу Нурдин сабаттуулукту жоюу мектебинде окуп билим алат. Ал мектепти бүтөөрү менен мугалимдин жетишсиздигинен жана анын зиректигинен улам өзү окуган малканадагы мектепте сабак бере баштайт. Анан Пишпектеги мугалимдерди даярдоочу институтуна жиберилет. Аны бүткөн соң, Алай өрөөнүндөгү мектептерде ошондой эле ошондогу кадрдык зарылчылыкка байланыштуу, жогорку бийликтин тапшыруусу боюнча Ош уездинин (облусунун) Лейлек, Чоң-Алай сыяктуу алыскы аймактарындагы мектептерге барып элеттик балдар-кыздарды окуткан. Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, мугалимдер менен окуучулардын окуу китептерин толуктоого, мектептердин китепканаларын адабий китептер менен көбөйтүүгө, ийримдерди, конкурстарды өткөрүүгө, мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына жиберүүгө өзгөчө көңүл бурган. Жашыргандай болбоюн, директор болуп жүргөндө райондун жетекчилери: -«Эртең заврайоно болосуң» - деп күн мурун айтышканда аны уккан бир актив «Бийдин баласы заврайоно болобу» деп атасына бир топ акаарат сөздөрдү айтканда мушташа кетип, аны төпөштөп коюп турмөгө да отуруп чыккан. Келгенде кайра эле ишин уланткан. Аны таанып-билгендер урматташып: «намыскөй, калыс, тегиз, тырышчаак, чечкиндүү мугалим эле»- деп айтып келатышат. Ар кайсы аймактарда иштеп жүрүп, 60-жылдардын башында Алайдын Жошолу кыштагындагы өзү туулуп-өскөн Кырнайза айылындагы Свердлов мектебине которулган. Бул мектепте өмүрүнүн акырына 1973-жылдын январына чейин жаш муундарды тарбиялаган. Ал окуткан окуучулар кыргыз тили жана адабияты боюнча райондук, облустук олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээлешкен. Нурдин Турганбай уулунун проблемалуу макалалары, ырлары райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга чыгып турган. Мектепте адабий ийрим уюштурган. Анын үзүрлүү эмгеги үчүн СССРдин жана Кыргызстандын Агартуу министрлигинен, облустук башкармасынан, райондук бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар жана даталуу күндөрдө медалдар, төш белгилер берилген. «Эл агартуунун отличниги» болгон. Нурдин Турганбай уулу заман талабына жараша, кийин жогорку окуу жайында сырттан окуп, билимин жогорулаткан. Кыргызстандын аймагында уюштурулган атайын педагогикалык курстарга катышкан. Ал көп жылдык педагогдук ишинде мектептерде кыргыз тили жана адабияты мугалими болгон. Ошону менен бирге директордун орун басары, директор болуп иштеген. Жыл сайын болуучу мугалимдердин Август кеңешмелеринде олуттуу ой-пикирлерин сунуш кылып турган. Делегат болуп республикалык, облустук, райондук жыйындарда сүйлөгөн. Өзү поэзияга кызыгып ыр жазган, элдик ооз эки чыгармаларды, элдик лирикалык ырларды, элдик эпосторду, жомокторду, уламыштарды жакшы билген, орус адабиятына кызыккан. Комузду да жакшы черткен. Эл арасындагы белгилүү «улакчы» болгон. Мергенчиликке абдан кызыккан. Дайыма күлүк атты минип, жакшы асырап жүргөн. Аны билгендер: -«кара күлүк аты бар эле»- деп азыр да аңыз кылышат. 1970-жылдары Кыргызстандын тоолуу райондорунда коомдук малга чөптү (тоютту) жетиштүү даярдоо максатында «тоннакечтердин» мелдеши уюштурулган. Милдет орулуучу аянттарды таза оруу, кууратбай оруу, ошондой эле чарбанын белгиленген мал сарайына сарамжалдуу жыйып берүү болгон. Ушундай мелдештерде мугалимдер арасында бир топ жыл Нурдин Турганбай уулу жубайы Зимират Файзулдаева экөө жаш балдары менен алдыңкы орундарга жетишип райондун, чарбанын сыйлыктарына ээ болушкан. Нурдин Турганбай уулу тагдыры экен, 3 жолу үйлөнүптүр. Биринчисинен балалуу болбоптур. Экинчисинен Марапат деген кызы бар. Үчүнчүсү Файзулдаева Зимираттан Талас,Манас, Кимсан, Алмазбек,Улукбек, Таалайбек, Гүлмира аттуу уул-кыздары көпчүлүктүн арасында ар кайсы кесипте үзүрлүү иштеп жүрүшөт. Алардын атасы Нурдин агабыз Кыргызстандын түштүк аймагындагы алгачкы мугалимдердин бири болгондугун, ал окуткан окуучулар Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошушкандарын жана кошуп келе жатышкандарын биз сыймыктануу менен айта алабыз. Ал 54 жыл гана жашаган болсо, анын 40 жылы агартуу майданында өтүптүр. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алла Таала бейиштин төрүнөн орун берсин… Анын баласы Нурдин уулу Алмазбек жазуучу, журналист, биринчилерден болуп афгандык жана туркиялык кыргыздар жөнүндө изилдеп жазган патриот журналист болгон… Алай районунун Миязды айылында 1957-жылы 27-октябрда туулган. 1973-жылы айылындагы Я.М.Свердлов атындагы орто мектепти аяктап, 2 жыл чарбада иштеп, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн ийгиликтүү бүтүргөн. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, 1982-жылдан Ош облустук «Ленин жолу» (азыркы «Ош жаңырыгы») гезитине корректор, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчынын орунбасары, жооптуу катчы, республикалык «Кыргыз руху» гезитинин түштүк аймагы боюнча кабарчысы болгон. 2006-жылдан «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары болуп иштеп, 2007-жылы 17-октябрда Кыргызстан Журналисттер союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп шайланган. 1989–1999-жж. Оогандык кыргыздарга Кыргызстандын жана Тажикстандын делегациясы менен 10 жолу барган. 1992-жылы Ооганстандан Пакистан аркылуу Түркиянын Ван облусунун Эржиш районунун Улуу-Памир айылына Рахманкул хандын жетекчилиги менен ооп кеткен кыргыздарга журналисттик иликтөө салып алардын жашоо турмуш абалы тууралуу макалаларын республикалык гезиттерге жарыялаган. 1998-жылы 14-августта Оогандык кыргыздарга Рахманкул хандан кийин башчылык кылган Абдурашитти үч адамы менен беш күнгө Ош шаарына алып келип облустун, Кара-Суу районунун, Ош шаарынын жетекчилерине, Оштогу мекеме ишканалардын жамааттарына жолуктурган. Алар тарыхта Ош облусуна алгачкы жолу келишкен оогандык кыргыздар болушкан. Ошондой эле Туркияда, Өзбекстанда, Тажикстанда жашап жаткан кыргыздар тууралуу да бир нече макалаларды басма сөз беттерине жарыялаган. Көркөм адабий чыгармалары, аңгемелери, новеллалары, республикалык, облустук гезиттерге жарыяланып келет. Ал Кыргызстан Компартиясынын Ош облустук комитетинин, Кыргызстан Журналисттер союзунун, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Тажикстандын Мургаб райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. «Алтын калем» сынагынын, «Сорос-Кыргызстан» эл аралык фондусунун сынагынын жана республикалык, облустук сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү. Баткен коогалаңын ыкчам чагылдыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы, Россиядагы Ооган согушунун ардагерлеринин «Ата Мекен алдындагы кызматы үчүн» медалы жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 1986-жылдан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон… Камал Турганбай уулу дагы Кыргызстандын түштүгүндө биринчилерден болуп Алай районуна кичиГЭСтерди салган.Ата мекендик согуштун катышуучусу болгон.Эмгеги бааланып,айылындагы мектепке аты коюулган. Негизинен Тоокенин урпактары Ош областынын Алай, Кара-Суу райондорунда, бир азы Чүйдө, өтө аз санда Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Улуу-Чат ооданында(Катуу-Багыт тараптагы тоокелер), Кашкар шаарында жашашат. Тоокелер ич ара Жошолулук Тооке, Будалыктык Тооке, Бүлөлүлүк Тооке ,Аскалылык Тооке,Кызыл Кошчулук Тооке деп да бөлүнүшөт. Тоокелердин бир бөлүгү Алай районунда жайлашып, Кара-Суунун(азыркы Кара-Суу району) түздүгүндө Кызыл Кошчу айылында кышташкан. Ушундан улам болсо керек кээ бир тоокелерди чөлдүк тоокелер деп да аташат.