Аталар АКИpress
RU KG
Войти через АКИpress

Сарт

Ниже по этой ветке 34 записи.

Показать деревом

Сарттар - оң канаттагы (адигине уруулук тобу) ири урууларнын бири. Бул энчилүү ат менен төбөй уруусундагы чакан урук белгилүү. Этностук аталыш Кытайдын Тан династиясынын жылнаамаларында (7 -9 -кк) Шато формасында батыш түрк урууларынын бири  болгон чигилдердин (кыт. чу-юе) Ин -Со -Юлдуздарыяларына туташ байырлаган бутагы катары баяндалат. «Сарт» байыркы санскрит тилинде «Sartga» - «соодагер» дегенди түшүндүрөт. Махмуд Кашгари «Сөздүктө» бул терминге жогорудагыдай эле мааниде аныктама берет. Мындан сырткары, кыргыздар Чыгыш Түркстандын, Орто Азиянын өрөөндүү жерлеринде отурукташып жер иштетишкен, соодагерлик кылган түрк, иран тилдүү калкын жалпысынан «сарт» деп аташкан. Болжолу, байыртадан көчмөндөр тарабынан отурукташкан иран -түрк тилдүү элдер жалпысынан ушул термин менен аталып келет. Бул этностук аталышка башкача илимий аныктама берүүгө болот. «Сарт» бүгүнкү якут тилинде «ылаачын, шумкар» дегенди аныктайт. Этнонимдин уңгусу «сар» ( -т монгол тилдүү элдерде көптүк маанини аныктоочу сөз жасоочу мүчө) кыргыз, калмак, чагатай тилдеринде «айры куйрук», монголчо «кулаалы», алтай, туваларда «сары», татарча - «сарыша» шумкарды туюнтат. Демек, этноним (сар +т) өзүнүн байыркы маанисин сактап калып ( -т көптүк маанини аныктаган мүчө), «шумкарлар, ылаачындар уруусу» дегенди түшүндүрөт. Байыркы Чыгыш тарыхый булактары кыргыздардын жырткыч куштарга (мис., бүркүт, ылаачын) тотем катары сыйынышкандыктарын баяндашат. Бул уруунун өкүлдөрү Токтогул аймагын жердеп келишет.

Потомки

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти