Жангарач
Ниже по этой ветке 16 записей.
Жангарач Эшкожо уулу (1801 же 1802 – 1864) – солто уруусунан чыккан чоң манап.
КАЧКЫНБАЕВА А.Т. ЖАНГАРАЧ БИЙ ӨЗ ДООРУНУН ПАТРИОТ ИНСАНЫ
Акыркы жылдарда Ата-Журт тарыхына, анын талылуу маселелерине мекендештерибиздин кызыгуусу барган сайын артып барат. Арийне бул элибиз эчендеген кылымдар бою эңсеген эгемендикке, мамлекеттик көз каранды эместикке ээ болгондон берки, береги 17 жыл өлкөбүздө болуп өткөн терең өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Натыйжада Ата Журт тарыхынын ар кыл баскычтарындагы олуттуу окуяларды, улуу инсандардын коомдук – саясий ишмердигин иликтөө да күч алды. Улуу инсандар демекчи, бөтөнчө XIX-XX кылымдардагы кыргыздын чыгаан жол башчыларынын, мамлекеттик ишмерлеринин өтөлгөлүү өмүр жолу, омоктуу орду, ойногон ролу азыркы учурдун талаптарына ылайык деңгээлде ачыла элек. XIX кылымда жашаган чыгаан инсандардын бири Жангарач Эшкожо уулу. Жангарач Эшкожо уулу XIX кылымдын 40-60 ж.ж. ошол замандын өктөм талаптарына жараша эл башкарып, кыргыздын дасыккан акылман жол башчыларынын бири болгон. Ал болжолу 1801-1802 жж. туулуп, 1865-жылы 63 жаш курагында көз жумган. Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча Жангарач Ормон хандан 10 жаш кичүү болгон[1;198 б.]. Кененсары 1845-ж. кыргызга адеп кол салаарда «кыргыз деген калай журт экен, баатыры ким? Жоого кайрат кылаары ким? Четтеги турган эл кандай экен барып билип, сынап кел»- деп дубана кейпин кийген тыңчы-сынчысын кыргыз айылдарына жашыруун жөнөтөт. Ошондо кыргыз жерин кыдырып, кыйындарын сындаган, өчөшкөн жоо хан Кененин сынчысы бекеринен Жангарачты «баатырлыгы жана сыпайлыгы, акылы бирдей экен»-деп ханына бекеринен мактап барбаса керек. Атүгүл ал жөнүндө улуу жүз казактарындагы орус приставы полковник Хаментовский М.М. «жапан кыргыздардын арасында чоң кадыр-баркы бар манаптар Жантай жана Жангарачты өзүбүзгө тартууга аракеттенсек бизге пайдалуу болот эле, ал эми алардын кийинкиси айрыкча акылдуулугу менен даңктуу» - деп жазган[2;113 б.]. Жангарач ата – журттун көз карандыгы эместигин көздүн карегиндей сактоого, айкашса ал жетпес жоонун кол салуу коркунучу пайда болгондо, аны талоондон, элди бей күнөө кыргындан аман алып калууга аракет жасап, ага айла-амал издеген. Кыргыз элинин бөлөк улуу инсандары сыяктуу эле Жангарач бий дагы ири уруу бирикмелеринин, уруу-уруктарынын ортосундагы ынтымакты чыңдоону, өз ара доо-талаш, чыр-чатакты тыюуну, ички биримдикти бекемдөөнү көздөгөн. Кыргызстанга көз арткан өлкөлөрдүн баардыгына: Кокон хандыгына, казактын хан, султандарына, Цин империясына, Россия мамлекетине карата мамилесинде анын ар дайым кыргыз элинин келечегин ойлоп, ал үчүн кам көргөн, көпчүлүк учурда да туура чечим кабыл алып тургандыгы да даана байкалып турат. Айрыкча XIX к. 40-ж. өз алдынча Кыргыз хандыгын түзүү аракетиндеги анын ээлеген орду, хан Кененин чапкынынын маалындагы ишмердиги, кыргыз-кокон, кыргыз-кытай, кыргыз-орус мамилелерине карата көз караштарынын кескин өзгөрүүлөр буга күбө. Адилеттик үчүн айтып кетчү нерсе, Кенесары Касымовдун басып алуучулук жортуулдарына каршы кыргыз элинин көз каранды эместик үчүн күрөшүн уюштуруудагы Жангарач бийдин ролу, сиңирген эмгеги алигиче жетиштүү деңгээлде объективдүү ачылып бериле элек. Кененсары Касымовдун дээрлик 10 жылга (1837-1847) созулган боштондук күрөштө согуштук күч кубаты жагынан кыйла артыкчылык кылган орус аскерлеринен жеңилип, акыркы Жети Сууга сүрүлгөн хан Кене кыргызга кыргын салганда анын кыймылы кескин түрүн өзгөрттү. Ала-Тоодогу анын мыкаачылык кан төгүүлөр менен коштолгон аракеттери анык баскынчыл согуштун мүнөзүнө ээ болгон. Андыктан ал канкор баскынчы, ташбоор залим хан катары кыргыз элинин эсинде калды. Кене хан элчилерин 1845-ж. көз мезгилинде Сары-Өзөн Чүйдү мекендеген солто, сарыбагыш ж.б. урууларынын манаптарына жөнөтүп, алардан багынып берүүнү, салык (зекет), төлөнүү, жана аны хан катары таанууну талап кылган. Алатоолук кыргыздары Ормон хан башында турган Жангарач, Жантай ж.б. бий, билермандары элчинин сөзүн уккан соң 125 кыргыздар биз баш аягыбызды чогултуп, кеңешип, жооп айталы - деп, элчилерди жөнөтүп жиберген. Хан Кене айтканына көнбөгөн кыргыздарды жазалоо үчүн Чүйдүн аягындагы КызылТал тоосуна келип, жортуулга камданат. Болжолу 1846-жылдын май айында Кенесарынын 10 мињге жакын аскерлери солтонун жайыл, талкан, бөлөкбай, жана сарыбагыш – тынай айылдарына кол салып, адам чыдагыс мыкаачылыктарды кылат. Аларды талап – тоногон соң, ал өтө мол олжо менен кайткан. Султан Камбар Аланов есаул Нюхаловго жазган катында баса көрсөткөндөй «Кенесары кышы бою кара кыргыздар менен кагылышып турган… кара кыргыздардын көптөгөн айылдарына кол салып алардын көп кишисин өлтүргөн жана жайнаган малын олжо кылган [3; 91 б.]. 1845-1846-ж.ж. Кене хан кыргыздарга карата бир нече жортуулдарды жасаган. Албетте солтолордун ошол кездеги башчысы Жангарач бий душманга каршы күрөштү уюштурууга чечкиндүү киришип, элинин башында турганы, жеңишке жетишүүдө чечүүчү рол ойногону талашсыз. Солтонун жол башчысы Жангарач баатыр мындай коркунучтун жакындап келе жатканын мурдатан эле алдын-ала баамдай алган. Ушундай оор кырдаалда Жангарач бий демилгени колго алып, Кенесарынын кайракайра уюштурган жортуулдарынан жапа чеккен четтеги солто уруу – уруктарын бөөдө кыргындан аман алып калуу үчүн кам көрүүгө бел байлайт. Анын сунушу боюнча солтолор чогулуп «казак-кыргыз бир тууган элбиз, урушпай жарашалы» дешип Кененсарыга элчилерди жиберет. Элчилер «Чаар атка жолборстун терисин жаап казактын ханына тартуу» алып барышкан. Кене хан Жангарач бий жөнөткөн элчилердин айрымдарын өлтүрүп салганы, алардын каны менен туусун кандаганы элдик санжырадан жакшы белгилүү. Ошондой жол менен ал кийинчерээк Жаманкара баатыр жана Болот баатыр баш болгон солтонун 13 элчисин да мыкаачылык менен жок кылат. Аларды казактын уйсун уруусуна кирген шапрашты уругунун башчысы Шоорук аркылуу жарашалы деп алдап чакырып алганы маалым[4; 131 б.]. Таш боор хан Кененин өз ханынан кем калбаган канкор жигиттери катын-бала, карыкартањдарды аябай, боюнда бар аялдардын кардын жарып, баласын мууздап толорсугунан керегенин башына илип кетишкен, өңдүү-түстүү, сулуу келин-кызды олжо кылышкан. Кан күйгөн ошол кармаштын акырында казакка караганда кыргыздын саны арбып, «3 миңдей эр азамат айкашка катышып, көпчүлүгү солто болгон». Аларды Жангарач бий акыл калчап ынтаа коюп, уруштун жүрүшүнө ылайык тийди – качты, толгомо, чулгама жана ит урушу сыяктуу көчмөндөргө мүнөздүү эзелки ыкмаларды колдонуп башкарып турду. Андан кийин да, Кенесары кыргыздарга каршы жортуулдарын уланта берди. Бирок кыргыздар көз карандык эместик үчүн күрөштү токтотпостон ого бетер чыйралып, алдыда боло турган чечүүчү кармаштарга камынышат. Кененсарынын 1846-жылкы кайра-кайра кайталанган кандуу жортуулдарынын учурунда Жангарач жана Жантай Сары-өзөн Чүй менен Кеминди мекендеген солто, сарыбагыш ж.б. уруу-уруктардын көз каранды эместик үчүн күрөшүүнүн башкы уюштуруучулары болгон. Жангарач бийдин баскынчы хандын үстүнөн жалпы кыргыздын жеңишке жетишүүсүндө эмгеги зор. Айрыкча аксым хандын акыркы чапкынынын алдында ал элин бөөдө кыргындан сактоо максатында алдын ала алгылыктуу аракеттерди жасап калайыктын алкоосуна арзыган, акылмандыгы, көсөмдүгү менен элдин көзүнө көбүрөөк көрүнүп кадырбаркы арткан. Жангарач бий, аягы Кара-Балтадан Олуя-Атага чейин жайлаган солтолордун душман жете алгыс тоо арасындагы буктурмага ыңгайлуу тар капчыгайларга, бийик төрлөргө көчүрүп, Аламүдүндөн Буранага чейин жигит жыйат. Ал эми 1847-жылы эрте көктөмдө башталган чечүүчү айкаштын алдында Жангарач солто айылдарынын жоон тобун Кегетиден тартып Токмоктун үстүнө тоо этегине кондуруп, айрымдары Кичи Кемин, Чоң Кеминге бет алдырып көчүрүп жиберет. Андан кийин, өзү топтогон жигиттери менен Токмоктон 8 чакырым күн чыгыштагы Оро башы деген жерде жоону тосуп, [5; 5 б.] кармаш башталганда эрлерин эрдикке үндөп126 сүрөйт, туу түбүндө туруп «каратал» деп ураан чакырып түздөн түз майданда кол башчылык кылат. Жангарач мурдатан коңшулаш жашап ынактарча достошуп, сыйлашып, жүргөн казактын ботбай уругунун башчысы Супатай баатыр менен алдыртан жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал кийин чабуул башталганда ынак досу Жангарачка атайлап киши жиберип «досум капа болбосун, мен барбасам элимди Кенесары чаба турган, анын колуна аралашкан болуп кетип бара жатам, ыгы келсе жардам берермин», - деп салам айттырат. Жангарач келген элчи кайра кайтканда «Супатай досума айта бар: Олуя-Атадан Меркиге чейинки жерди берейин, аркадан келген Кенесары кетип калат, анан экөөбүз эле калабыз, жоолашып жүрбөйлүк, бизге жардам берсин» - деп ынтымакты ыдыратпай чындоого үндөгөн. Буга Супатай бий макул болуп кийинчирээк согушта колунан келишинче көмөк көрсөттү. Андан соң, душмандын аскерине суу жеткирбей жүдөтүш үчүн Жантай жана жакын тууганы Чынгыш менен кеңешип, оңтойлуу жайык жерден Чүйдүн суусуна таш салып бөгөп, сууну Кызыл Суу, Шамшынын, Кең-Булуңдун оюн көздөй бурдурган. 1847-жылы эрте жазда Кенесары хан кыргыздарга каршы акыркы жолу жортуулуга аттанат. Бул кезде анын ички, тышкы саясий абалы кыйла кыйындап, оорлоп кырдаал кыргыздардын пайдасына оогон эле. Кыргыздар чөлкөмдөгү орус генералдары менен байланышып кармашка камылга көрүүгө, абалын чыңдоого үлгүрүшкөн болчу. Орус генералдары Ормон хан, Жантай, Жангарач жана элин чечкиндүү күрөшкө көтөрүүгө үндөп, ылайыгы келгенде куралдуу колдоо көрсөтүүгө убада беришет. Албетте орус бийлигинин мындай мамилеси кыргыздарды кыйла шердентет. 1847-жылы болгон жоортул учурунда хан Кененин аскерлерин мыкаачылыгы, таш боордугу ого бетер ойготту. Алар бул ирет кыргызды кызыл уук кылып чаап, тып-тыйпыл кырып тукум курут кылабыз, катуудан казанын, жумшактан күлүн гана калтырабыз деп кекенип келишет. Албетте анын дене бойду дүркүрөткөн, акыл-эси ордундагы адамдын дити барбаган, дегеле караманча салтта жок жосунсуз жоругу кыргыздардын кыжырын кайнатып, патриоттуулук сезимин, ар намысын ого бетер ойготту. Ошол учурда, Кененсарынын аскеринин жалпы саны салгылашуулардын алдында 20 миң кишиден ашкан, анын ичинен 1500 жоокери мылтык менен куралданып, 2 замбиреги бар болчу. Жол боюнда жолуккан бирин-серин айылдарды, кары-картаң, катын-баланы алар эч аябай талап-тоноп, жырткычтык менен кыйнап өлтүрүп улам ичкери карай илгерилей беришкен эле. Кенесарынын колу менен кыргыз коошундарынын ортосундагы он күндөн ашык убакытка созулган негизги салгылашуулар Токмоктун түндүк-чыгыш тарабында, ал чептен төрт чакырым аралыктагы Чүй суусунун сол жээгинде Кекиликтин Сеңиринде, Май-Төбөдө, Кара-Коңуз өзөнүнүн төрүндө жүрдү. Көп өтпөй барган сайын саны арбыган кыргыздар касташкан душмандын колун үч жагынан курчап алат да, убакыт өткөн сайын уламдан-улам күч алып, жоого каршы оор соккуларды уруп четинен талкалап кирет. Натыйжада казактардын колу жеңилип, хан Кене баш болгон бир нече миң аскерлер туткунга түшөт. Россиянын коркунучтуу душманы, артынан сая түшүп куугунтуктаган орус аскерлеринен запкы жеп Казакстандын эң четине камалган «козголоңчу» Кененсарынын кошуундарын Кекеликтин Сеңириндеги салгылашууда талкалап, өзүн жана жакын жанжөкөрлөрүн жайлагандыгы үчүн орус өкмөтү өзүнүн буга ынтызар, ыраазы экендигин билгизип Ормон ханга подполковник аскер чинин, мактоо баракчасын, алтын медаль ыйгарган. Ошондой алтын медал менен дагы он эки киши сыйланат. Алтын медалга жана мактоо баракчасына Жантай менен Жангарач, Калча, Калыгул Кубат уулу, Кожобек жана башкалар арзыган эле. Жангарачтын бүткүл коомдук-саясий ишмердигинен көрүнүп тургандай, ал кырдаалга жараша кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына ылайык көз караштарын өз убагында өзгөртө алган, чөлкөмдө жана эл аралык мамиледе күч кимдер тарапка ооп бара жатканын алдын ала көрө билүүгө көсөм жетекчилик дарамет-кудурети жеткен, калкынын саясий өнүгүү өңүтүн 127 128 убагы келгенде ийкемдүү түрдө оор жоготууларсыз туура нукка бура билген кылдат жана сак саясатчы болгону талашсыз. Айтор Жангарач бийдин Кыргызстандын тарыхында омоктуу орду бар, XIX кылымда кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарын коргоодо чечкиндүү роль ойногон патриот инсан экени талашсыз. Андыктан Жангарач бийди улуттук баатыр, жалпы кыргыз калкынын сыймыгы деп атоого акыбыз бар.