Аталар АКИpress
RU KG
Войти через АКИpress

Жарбаң

Ниже по этой ветке 13 записей.

Показать деревом

Жарбаң Баатыр 16-к-дын аягында Орто токой деген жерде туулган. Анын энеси Кызбийке төрөттөн каза болгон. Энесинин курсагын жарып, баланы аман алып калышкан. Атасы Манап: «Балам тирүү болсо уйдун сүтү менен эле чоңоёт, аты Сүтүке болсун», - деген экен. Бара- бара анын өз аты унутулуп, курсактан жарып алганына байланыштуу Жарбаң Баатыр аталып калган. Жарбаң Баатыр жаш кезинен эрктүү, чечкиндүү болуп өскөн. Калмактарга каршы күрөштө атасы Манап бийдин колунун бир бөлүгүн баштаган. Чоң салгылаштар алдында болуучу эрөөлдөрдө ага калмактын далай баатырлары тек келе алган эмес. Эрөөлдөрдө калмактардың ондон ашуун баатырын мерт кылганы, калмактын алпы Дөнөнжөй менен бир чай кайнам сайышып, чабышьш, кармашып, акыры женгени, Чоң черүүгө миңбашы болгону санжырада айтылып, тарыхый булактарда жазылып калган. Жарбаң Баатыр узак өмүр сүрүп, кыргыз-казак биримдигин чыңдоого, кыргыз элинин эркиндигин коргоого чоң салым кошкон.

Потомки

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти