Турар
Ниже этой записи в санжыре пока ничего нет.
Тыналиева Турар Ариповна (28. 12. 1928ж. т., Кант району, Жээк айылы - 2016, Бишкек шаары) - микробиолог жана эпидемиолог, медицина илимдин доктору (1970), проф. (1977).
КММИни бүтүргөн (1950), 2-Москва мед. институтунун Н. Ф. Гамалея атындагы микробиол. кафедрасынын аспиранты (1950-53),Кыргызстан эпидемиология, микробиол. жана гигиена ИИИде лабор. башчысы (1953-72). Респ. чумага каршы станциянын башчысынын орун басары (1972-76). 1977-80-ж. КММИнин эпидемиология кафедрасында проф., 1980-98-ж. кафедра башчысы. 2005-жылдан эс алууда. Анын илимий эмгектери (100дөй) жугуштуу ичеги-карын, лептоспироз ооруларынын микробиологиясына, эпидемиологиясына жана профилактикасына арналган. Кыргызстандада биринчи болуп лептоспироз проблемасын изилдеген. Микробиология жана эпидемиология боюнча адис. Саламаттык сактоонун отличниги (1965), Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.