Аталар АКИpress
RU KG
Войти через АКИpress

Дүр

Ниже этой записи в санжыре пока ничего нет.

Показать деревом

Дүр Сооронбай уулу.

https://www.facebook.com/photo?fbid=3184803835124205&set=gm.1595601387471161

Кыргыздын алгачкы агартуучусу, мамлекеттик ишмер Дүр Сооронбай уулу 1866 жылы жарыкка келген. Атасы Сооронбай манап уруусунун тынай элинен чыккан кадырлуу барктуу, ар нерсени алдын ала билген кыраакы адам болгон. Өз энеси Дүр төрөлгөндөн эки айдан кийин каза болуп, Сооронбайдын биринчи байбичеси багып чонойтот.

Балалыгы өтүп жигит курагына келгенде 1884 жылы Дүр он сегизге чыкканда Чүй өрөөнүнөн, Кочкор аймагынан тандалган дагы үч бала менен чогуу Верныйга гимназияга билим алууга жөнөйт. Верныйда окуп эл көрүп, жер көруп, башка элдердин турмушу кандай өтүп атканын көрүп, жашоо замандын өзгөрүп атканына күбө болуп, келечекке чоң максат менен аттанат. Ал максаты Чүй бооруна алма бактуу мектеп салсам деген кыял эле. Кийин Сооронбай өзүнүн бир жарым мин түтүн болуштугун төрткө болуштукка бөлүп, төрт жүз түтүндөн турган бир болуштугун Дүргө өткөрүп берет. Ушундан сон 1889 жылдан баштап окуп жургөндөгу мектеп салсам деген кыялын ишке ашыра баштайт. Улуу жибек жолундагы Сайлык айлына мектеп салып, айланасына алма бак тиктирет. Мектептин фундаментин бышкан кирпичтен тургузуп. Чон Кеминден карагайларды даярдатат. Ал убакта транспорт деген жок, ал карагайларды Чуй суусу менен Сайлыктын тушуна чейин агызып келишкен. Курулушчуларды Верныйдан алдырып, чатырын темир туникелер менен жаптырып, жаркыраган ошол замандын алдынкы имаратын курдурат. Айнектелген чон терезелери менен, үч бөлмөлүү, коридору чон ошол кездеги Чуй өрөөнундөгү эң мыкты алгачкы мектеп эле. 1889-1890 жылы 60 окуучу кабыл алынган. Андан кийин жылына он беш баладан кабыл алып турушкан. Алыстан келген окуучулар интернатта жатып окушкан.

Алгач мектепте окуу арабча жүргүзүлгөн. Кийинки жылдары орус тилинде сабак өтүлө башташган. 1906 жылы Верныйдан мугалимдер курсун буткөн Пономарев Илья Тимофеевич деген келип окутуп баштайт. Дүр өз айлындагы балдарды мектептен бекер эле окутуп элдин кадыр баркына ээ болгон. 1909 жылдан баштап мектепте чон кишилер учун кечки курс ачылган. Мектепте негизинен орус тили, география, арифметика сабактарын окутушчу. Ушул мектептен билим алган Дүрдүн замандаштары Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ишенаалы Арабаев, Осмонаалы Сыдык уулу, М.В. Фрунзе болгон.

Заман өзгөрүп, үркүн болуп эл качып, тополон болуп, турганда Дүр өз болуштугундагы элди үркүндөн сактап калган. Совет өкмөтү орноп бай манаптар куугунтукка алынып баштаганда да агартуучулук ишин уланта берген. 1918 жылы бүкүр Игнат баштаган орус шовинисттер контрреволюциячыл деген жалаа жаап Дүр менен кошо жети атактуу билимдүү кыргыздарды шашылыш түрдө сотсуз, тергөөсүз эле Чүй суусунун жеегине алпарып аттырып таштаган. Дүр менен кошо атылгандардын арасында Максымкожо Тоголоккожоев, Турумбек болуш жана Канаттын уулу болгон. Айылдын эли Дүрдү камалыптыр дегенди угуп, М.В.Фрунзеге кабарлап, чыгарып алууга чуркап аягына чыгып. жаны өкмөттөн бошотулсун деген кагаз атылып кеткенден кийин кечигип келген. Ал эле эмес Фрунзенин колу коюлуп Дүрдү Москвага кызматка чакырылган телеграммасы кийинчереек табылганын айыл аксакалдары өкүнүп көпкө айтып жүрүшту.

Дурдун жана жанындагы атылгандардын сөөгун айылдагылар түн жамынып барып орустардан жашыруун алып кетишкен. Дүрдүн сөөгу Сайлык айлына коюлган.

2000 жылы Дүрдүн мектебинин жүз жылдыгын белгилеп, мектептин алдына бюсту коюлуп Сайлык айлындагы орто мектепке аты ыйгарылды. Дүр курган мектеп азыр да турат. Быйыл 133 жыл болот экен. Ал эми Дүр Сооронбай уулунун элге кылган эмгегин айылдаштары атадан балага, баладан небереге чейин унутпай айтып келишет бүгүнкү күнгө чейин

Сүрөттөгү алдынкы катардагы солдон экинчиси Дүр Сооронбай уулу

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти