Ак уул (Абыл)
Бул бутактын ылдыйында 12 055 жазуу.
Долон бий балалуу болбой жүрүп, эки уулду болот. Бирөөнүн аты Абыл, экинчинин аты Кабыл. Абыл төрөлгөнү апаппак, Кабыл болсо кубарынкы болгонунан улам, аларды Ак уул жана Куу уул деп атап коюшкан. Аларды энеси: “Ак уул менин оң бөйрөгүмдө, Куу уулум сол бөйрөгүмдө жаткан.Ошондуктан Ак уул өз элинин оң канаты, ал эми Куу уулум элинин сол канаты болот” деп эркелетчү экен. Энеси Абылды оң эмчегин эмизсе, Кабылды сол эмчегин эмизген экен. Атасы Долон бий да, чүкө талашкан балдарына, оң чүкөлөрдү Абылга, сол чүкөлөрдү Кабылга бөлүп берген экен. Тагдырдын буйругу мененби, айтор кийинчирээк так ошол энеси айткандай болду. Ак уулдун карамагындагы уруулар оң канат, Куу уулдун карамагындагы уруулар сол канат деп аталып калды.
Урпактар
- Тагай 10 бала
- Адигине 5 бала
- Наалы эже 1 бала
- Муңгуш (Моңош) 2 бала