Наалы эже
Бул бутактын ылдыйында 465 жазуу.
Чынгыз хан көз жумгандан кийин, анын империясын урпактары өз ара бөлүп алышат. Аму-Дарыядан Иле дарыяга чейин Чагатай ээлейт. Кийинчирээк ал Мавераннахр жана Моголистан болуп экиге бөлүнүп кетет. Алар дайым өз ара урушуп турушкан. Мавераннахрдын белгилүү башкаруучусу Темирлан (Тимур) (1336-1405). Ал өз империясын Туран деп атаган. Азыркы Кыргызстан ал кезде Моголистага караган. Моголистанга Темирлан жана анын урпактарынын кол салуусу, Моголистандын башчыларынын өз ар урушу, өлкөнү начарлашына алып келген.
Мына ошол мезгилде Моголистандагы кыргыздар күч ала баштаган. Кыргыздын башчылары болгон Адигене менен Тагайга монгол ханынын балдары Дайыр жана Көкө карамыгына кошулат. Көкө эр жүрөк баатыр, балбан жана эмгекчил адам экен. Ал чабыштарда кыргыздын ар-намысын сактап келген. Ал Адигене менен Тагайга гана эмес, Наалы эжеге да жагып калат. Мурда турмушка чыкпай, жашы бир топко келип калган Наалы эжени Көкө да сүйүп калат. Муну байкаган Адигене менен Тагай, эжеси Наалыны Көкөгө нике кыйдырган. Дайыр иниси андан мурун үйлөнгөнүнө таарынып, казак жергесине көчүп кетет.
Көп узабай Көкө катуу ооруп, өлөөрдө аялына: "Эгерде ичиңдеги бала эркек болсо, атын Моңол кой. Чынгыз хандын урпагы экендигин унутпасын." - деп дүйнөдөн кайтат. Наалы эже эркек төрөп, атын Моңол коёт. Кыргыз-калмактын бир чабышында колго түшкөн бир калмак кызды Наалы эжеге үйдүн кызматын жасап жүргөнгө күң кылып берген. Моңол төрөлгөндө ал кыз аны дайыма көтөрүп, ойнотуп багып жүрчү. Экөөнү бирөөлөр чакырганда дайыма "моңолдор бери келгиле" деп айтышчы экен. Мына ушундан Моңол - моңолдор болуп аталып калыптыр.
Чынгыз хан жана анын тукумдары Сибирь, Кытайды, Борбор Азияны,Чыгыш Европаны, Индияны басып алат. Моңолдор көп жаңы өлкөлөрдү түзөт. Ошондуктан "моңолдор элдин уюткусу" деген лакапты биздин ата-бабалар бекеринен айткан эмес.
Урпактар
- Моңол 6 бала