Тооке
Бул бутактын ылдыйында 122 жазуу.
Тоокелер - Баргы уруусуна кирген чоң уруктардын бири. Тоокелер сан жагынан көп болгондуктан эл ичинде, санжырада тоодой тооке, жеңдей савай деп айтылат. Негизинен Оштун Алай, Кара-Суу райондорунда, бир азы Чүйдө, өтө аз санда Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Улуу-Чат ооданында(Катуу-Багыт тараптагы тоокелер), Кашкар шаарында жашашат. Тоокелер ич ара Жошолулук тооке, Будалыктык тооке, Бүлөлүлүк тооке деп да бөлүнүшөт. Тоокелердин бир бөлүгү Алайды жайлашып, Кара-Суунун(азыркы Кара-Суу району) түздүгүндө кышташкан. Ушундан улам болсо керек кээ бир тоокелерди чөлдүк тоокелер деп да аташат.