Аталар АКИpress
RU KG
АКИpress аркылуу кирүү

Каба

Бул бутактын ылдыйында 16 жазуу.

Дарак түрүндө

Каба Атабек уулу (1924–2008)

Залкар манасчылардын бири, Кыргыз эл артисти Каба Атабеков 1926-жылы ноябрда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Тоңдун ичи деген жерде жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде үй кайтарып жүрүп, талаада көзү илинип уктап кетет. Түшүнө Алманбет баатыр кирип аян берет. Ошондон тарта көзү өткүчө манасчылыгын таштаган жок. Залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунан таалим алып, айтуучулугун өркүндөткөн. Каба 12 жашка чыкканда атасы Атабек каза болот. Ал киши баласынын Манас айтуусуна көп шарт түзүп, жардам берген. Каба Атабеков Сталин орто мектебине кирип, 1944-жылы мектепти эң жакшы деген даража менен аяктаган. Билимин андан ары Кыргыз педагогикалык институтунда орус тили жана адабияты кафедрасында улантат. Узак жылдар бою эл кыдырып Манас айткан. Анын варианты 2014-жылы китеп болуп жарыкка чыкты. Улуу манасчы 2008-жылдын март айында Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Төрт-Күл айылында дүйнөдөн кайткан.

Залкарларды эстей жүрөлү, замандаштар!

КАБА АТАБЕКОВ

Ысык-Көлдөй күр-шар этип чалкыган,

Ысымы бар бир тарыхты камтыган.

Каба атам Манас айтса толкундап,

Кадимкидей уккан жандар балкыган.

Уй кайтарып жүргөн мөлтүр чагында,

Уктап калат бир дарактын жанында.

Эр Алмамбет кирип анан түшүнө,

Эскертиптир: - «Мына Манас ханың да,

Калгандары Сыргак, Чубак, Бакайың,

Касиетин билсин дедим атайын.

А мен болсо Алманбеттин өзүмүн,

Аян сырды сенден кантип катайын.

Карап тургун Коңурбайды, Жолойду,

Каршылашып, биз алдынан торойлу.

Сан-түмөндүү кытай, калмак колуна,

Салгылашып, бет келишүү оңойбу?!

Көргөнүңдү айта жүргүн, таштаба...»,

Көзүн ачып, чочуп турду жаш бала.

Ана ошондон тарта айтып Манасты,

Адал жолдон бурулган жок башкага.

Арбып таасын, талант-шыгы тотугуп,

Айтып жүрдү эл алдында отуруп.

Каба атабыз карыганда жөнөдү,

Кан Манастын сан колуна кошулуп.

Жуса Касиетов.

Урпактар

Кирүү


Забыл пароль - калыбына келтирүү

Каттала элексизби? - каттоо

каттоо

Катталдыңызбы? - кирүү

Сыр белгини калыбына келтирүү

Катталдыңызбы? - кирүү