Азык
Бул бутактын ылдыйында 152 жазуу.
Азык - оң канаттагы уруулардын бири. Этнонимдин Борбордук Азиядагы (Саян-Алтай ж.б.) байыркы рун сымал жазууларда чагылдырылган «аз» (аздар) этностук аталышы менен байланышы бар. Аздар байыркы түрк (кыргыз) доорунда (VI-IX-кк.) азыркы Туванын батыш аймактарын мекендешкендигин тарыхый булактар тастыктап келери маалым. Географиялык өңүттөн карганда, бул аймак IX-к. чейинки Кыргыз мамлекетинин жерлеринин курамына кирген. Даректүү тарыхый булактар байыркы аздардын кыргыздарга кошуна жашагандыктарын баяндайт. Кыргыздардын жана аздардын ортосундагы этностук түз алакалар дал ушул тарыхый мезгилдерден (VII-к.) башталышы ыктымал. Ошону менен бирге, бир эле учурда аздар байыркы кыргыздардын негизги бир уруусу болуусу мүмкүн. Аздарды б. з. 706-жылы Могилян каган жеңилүүгө учуратса, Күлтегин 716-жылы биротоло баш ийдирип алган. Ушул окуялардан соң, көз карандысыздыгынан айрылган аздар батышты көздөй журт которушуп, түрктөрдүн курамына киришти. Академик В.В.Бартольд VII-к. Жетисуудагы түрктөрдүн курамындагы «азийлер» менен байыркы «аз» элин этностук жалпылыкта карайт. Башка изилдөөчүлөр бир катар маалыматтарга таянышып, аздар алгач, VII-к. чейин теле конфедерациясынын курамына кирген деген пикирин айтышат. Ал эми кытай жыл баяндарында азыктар (ассиги) кушчу (гэшу) уруусу менен бирге, VI-VII-кк. Батыш Түрк каганатынын Нушиби аймагына киргендиги эскерилет. Бул уруунун өкүлдөрү Чүйдүн Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата, Нарындын Кочкор, Нарын, Атбашы ж.б. райондорунун аймактарын байырлап келишет. Негизги уруктары: бычман, козугуна, байкүчүк, бөрү, төбөй, бакы, үсөн, топон, карабагыш, кожомкул, итаяк, жанболот, торуайгыр, кызылкурт, казиет, мамай, бажик, жылжыбаш ж.б.
САНЖЫРА. Тагай бийдин баласы Карачоро атасын издеп, ага бир канча уулдарды алып келген. Ал окуя мындайча болгон.
Тагай бий өз жеринде кадыр барктуу адам болгон, ал тургай коңшу элдерге да атагы чыгып турган. Көчмөн элдер бийдин жоокерлеринин күчүнө таянышып, алар менен бирге жоо чабышчуу. Ал эми отурукташкан калк мейман достук мамиледе болушуп, мал-мүлк жаатында карым-катнаш жазашкан болсо, мал сатып алуу үчүн жакшы мамиледе болушкан.
Күндөрдүн биринде Бухаранын ханы Тагай бийди конокко чакырат. Ал жигиттер менен көпкө мейман болушат. Кокустан кечки тамак тартылып, олтурган коноктордун арасында Тагай бий жок болуп чыгат. Хандын сарайын түрө кыдырып издеп эч жерден таппай коюшат. Бир убакыттан кийин, хандын кызматкерлери ханга барып, айтуудан тартынышып, ханды Тагай бийди таап алган жерине алып барышат. Караса, баягы Тагай бий арыктын жээгинде отуруп алып, көйнөгүн жууп жаткан экен. Ошондо хан айтат: “Кокуй, Тагай бий жубайынын жанында жоктугунан, өзүнүн көйнөгүн өзү жууп жаткан турбайбы, тез аранын ичинде үйлөнтүшүбүз керек”. Ошентип Ак Сарайдан тандап Тагай бийдин көзү түшкөн Зуракан аттуу аял затка үйлөнтүшөт. Той өткөрүп Кашгардын ханы кубанычта болот. Анткен себеби, кыргыздар менен болгон соода-сатык мамилеси чоң киреше алып келет, деген ойдо болгон.
Арадан, бир нече ай өтүп, Тагай бий жигиттери менен кайрадан өз эл-журтуна кайтаар мезгил келет. Бирок Зуракан кош бойлуу болгондуктан, жолдун узактыгын ойлоп, так кесе каршы болот. Зураканды канча суранган менен аны макул кыла алышпайт. Ошондо Тагай бий: “Эгерде эркек бала төрөлсө, эртели кеч ал элин издеп барат. Качан ал эр жигит болгондо, менин бул бычагымды бер. Эгер ал мени тапса, мен аны ушул бычактан тааныйм” - дейт.
Ошентип ай күнү жетип Зуракан эркек бала төрөйт. Баланын атын Жура койот. Ал өтө шок, күчтүү болуп чоңойот. Жура табиятынан кара тору бала болот. Үйдө олтурганды жактырбаган Жура, күндүн нуруна ого бетер күйгөн бала болот. Ошондуктан Каражура деп айтылып калган. Күндөрдүн биринде Каражура үйгө капалуу келет. “Ким сени таарынтты уулум? ” – деп Зуракан энеси сурайт. “Биз күч сынаштык, мен балдардын баардыгын жеңдим. Алардын арасынан бирөө тукумсуз кыргыз, атасыз экендигимди айтып кыйкырды мага” – деп Каражура энеси Зуракандын тизесин кучактап ыза болуп ыйлады.Ошондо Зуракан турмушка чыгууну чечти. Көптөн бери, бир жакшы ыймандуу убадалашып коюшкан кишиге турмушка чыгат. “Эми ата ордуна ата болоор бекен” – деп ойлондуу Зуракан. Ошентип турмушка чыгып, дагы бир эркек уул төрөлөт. Ал сары болот. Атын Сарыжура койот. Эки уул бири-бирине жолдош болушсун деп. Иран тилдеринде “жура” деген сөздүн маанисин чече келгенде, “жоро-жолдош” дегенди түшүндүрөт.
Каражуранын эсинен эч чыкпай, баягы тукумсуз “кыргыз” деген сөз жанын жай тапшырбай өзүнүн чыныгы атасы тууралуу билгиси келет. Күндөрдүн биринде бир окуя болот. Каражуранын жашоосун түп тамырынан бери өзгөрткөн.
Ага-ининин туура эмес бир чекиш ишке, хандын ачуусу келип, жазалаганга буйрук кылат. Эки бир туугандын ишин, адилеттүү карап бериңиз, деп келген атасын, хандын кызматкерлери өлөөрчө сабап, дарыяга ыргытып жиберишет. Ошондо энеси Зуракан балдарын сактап кылыш үчүн Каражурага болгон чындыкты айтып берүүнү чечет. Анын атасы Тагай бий, ал кыргыз, жашаган жери Ала-Тоо деп баардыгын айтып берет. Ушул бычак аркылуу тааный тургандыгын айтат. Каражура менен кошо анын инисин чогу жөнөтөт. Бирок Тагай бийди таап ага жоолукканыңарда экөөңөрдүн бир тууган экендигиңерди, эч кимге айтпагыла дейт. Анткени Тагай бий башка аялынан балдары силерге жамандык кылышы мүмкүн деп, акыл насаатын айтып Тагай бийге качыртат имиш. Ошентип эки бир тууган алыскы жолго аттанышат.
Жол азабы, көр азабы дегендей абдан кыйналышат. Бирок ага-ини бири-бирине жардам, дем, күч беришет. Өзүнүн кичүү ини экендигине карабастан, Сарыжура тамак-аш салынган баштыкты көтөрүп алат. Бир канча күндөн кийин алардын алдынан бир бала кезигет. Ал жалгыз, үйсүз жана эптеп күн көрүп жүргөнүн айтат, анын аты Байызбек болот. Каражура ал байкуш, бечара балага, атасы Тагай бийге бара жатканын айтат. Өзүнө ал баланы кошуп алат. Ошентип үчөө жол тартышат. Арадан бир канча күн өтөт. Алар келе жатып токойго туш келишет. Күтүүсүздөн токойдун ичинен бир чедирейген бала чыга келет. Ал баладан сурамжылап отуруп, айылы жайлоого көчүп жаткан учурда, калмактар кол салышат. Ошол учурда бала коркконунан калың токойдун арасына жашынып калат. Качан гана таң атып, күн чыкканда токойдон чыгып, эли журтун таппай калат. Анда токойдо тапкан мөмө-чөмөлөрдү жеп жүрүп курсагы чедирейип калган экен. Жолуккан жолоочулар баланы өзүлөрүнө кошуп, бирге жөнөшөт. Мына ошентип төртөө бир топ күн жол жүрүшөт. Жол азабын бирге тартышат. Бири-бирине бекем, бир туугандай болуп калышат. Акыры бир күнү Тагай бийдин айылын таап келишет. Алардын түрүн көргөн айылдын балдары, силер кимсиңер, эмне кылып жүрөсүңөр дегенсип, тийишишет. Каражура белиндеги бычагын алып, досторун калкалайт. Ошол учурда өтө алыс эмес жерде, аксакалдар менен отурган Тагай бий өзүнүн бычагын таанып, чакырылбаган конокторду өзүнө ээрчитип келүүсүн буюрат. Каражуранын озүнөн анын тарыхын угат. Тагай бий бүтүндөй элинин алдында өзунүн уулу экенин жар салып, атын кыргызча “Карачоро” деп атап, азан чакырат. Андан кийин Тагай бий Карачорону ээрчип келген балдардын, ал жайын сураштырат. Карачоро атасына аларды бирден тааныштырат.
- Сизди издеп келе жатсам биринчи бул бала жолукту, сураштырсам ата-энесинен ажырап жетим калыптыр. Жол азыгымды көтөртүп ээрчитип алдым – деп баштады.
- Азыгыңды көтөрүп алса, жакшы бала экен, бул да менин балам болсун, атын Азык койдум – деген экен бий.
- Бул бала болсо журтта калган селсаяк бала экен, макул болгондуктан муну да ээрчитип алдым, - деп тааныштырды Карачоро.
- Бул да менин балам болсун, аты Саяк болсун.
Андан кийинки баланын баянын укканда, Тагай бий “Курсагы чедирейген бала экен, бул дагы менин балам болсун, атын Черик койдум” – дейт.
Тагай бий баардыгын жылуу кабыл алып, балалуу болгондугунун урматына элине чоң той берген.
Азык уруусунун түпкү аталары. (Норузбаев Керимкул Чолпонкуловичтин варианты)
Мансур - Чаган, Кыпчак, Назармат,Тейкубат, Эркалпак.
Эркалпак - Мурат - Шайык - Байган - Күртүк - Алтын Бешик.
Алтын Бешиктен - Темирлан, Мажырлан, Жамгырлан.
Жамгырландан - Асылтөрө, Байтөрө, Абылтөрө.
Абылтөрөдөн - Баракан, Төрөкан.
Баракандан - Өсүк.
Төрөкандан - Абдырахман (санжырада ага Тагай бий Азык деген ат коёт)
https://kg.tyup.net/azyk-uruusu-1023
АЗЫК УРУУСУ
Кыргыз улутунун калыптанышына катышкан. Генологиясы: Ассык (Аз), Амандык, Куртук, Азык, Кашкелең – Бычман, Козугуна, Байкүчүк, Бөрү, Топон, үсөн, Тобой, Бакы, Карабагыш, Түгөл, Итаяк, Жанболот, Акжол, Торошон, Торуайгыр, Кызылкурт, Казиет, Мамай ж.б. М. Ирсалиев ("Асманы жакын айылым", Б. 2000) боюнча: "Азык уруусун азыркы теленкут менен ач кыштымдардын курамына кирген алтайлык "төрт-ас" тобу менен салыштырса болот, себеби, кыргыздын азык уруусунун өкүлдөрү да козугуна, байкүчүк, бычмал, бөрү деп төрт тамгалуулар аташат (В.В. Радлов). "Төрт тамгалуу асык" уруусу байыркы көчмөн кыргыз. Асыктар байыртадан "аз" деп аталып жүргөн уруу. Түрк каганаты чыгышы – Дулу, батышы – Нушиби аталып экиге бөлүнгөндө алардын ичинде асык, кушчу уруулары болгон. 641-ж. дулуларга асыктар кол салган.
Ассирия булагында б.з.ч. 681-668-ж. Асарходон доорунда көчмөн кыргыздардын асык, аз уруусунан бириккен "кандардын" тукуму болгондугун В. Латышев айтат. Л. А. Ельницкийде б.з.ч. V кылымда асыктар жөнүндө грек тарыхында маалымат бар. Айкүмүш Аксынын маалыматы мындай: Асыктар Кыргызстандын Түштүгүндө Аксыда Ак Суу, Иринжит кыштагында, Таш Көмүр шаарында, Аксыга чектеш Наманган областынын Балык Көл айылында жашашат. Токтогулда, Ошто, Баткенде, Караванда чачкын жайгашкан. Ак Суу айылында асыктардын "Ыман Ата мазары" бар. "Кемпирек" Күмбөзү да аларга тиешелүү. Асыктар Бурчуке деген жерде жайлашып, Топо Тайматтын көпүрөсүн илгери салышкан. Т. Молдо: "асыктын асыл сөөгү кыпчак" дейт. Асык уруусунун ордо шаары Намангандан 10 км. аралыктагы Төрө Коргон болгон.
Ал жерге кыпчак Домо (Томо) XV XVI кылымда хандык кылган. 1540-ж. Аксыкент шаары жер титирөөдөн кыйраган соң, Наманган шаары өсүп чыккан. Т. Молдо асыктарды Домонун уулу Жумадан таратат. Бул калпыс пикир. Асыктар байыркы уруу. Дозой Намангандын Кызыл Рабат кыштагын илгертен жердеген. Асыктар Түштүктө өздөрүн киринди уруу катары эмес, түпкү уруу катары айтышат. Ак Суу, Караван, Иринжитте, Намангандын Пышкаран жерлерин, Чер жайлоосун эл "асыктардын жери" дешет. Асыктар кайсы бир доорлордо бийлик кылган кыпчак уруусунун курамында көпкө чейин болсо керек. Мүмкүн Азия деген жердин аты да "аз", "асыктардын" атынан аталышы ыктымал. Азов көлү – орусча Аздардын көлү деген мааниде. Асыктар, адигинелер түрктөрдө да жолугат. "Асыкпыс" деген месхеттер да бар. М: Түркиянын үч мамлекеттик ишмери асык тукумунан чыккан, алар "Түркиянын үч устуну" аталат. Кытайда Кашкардын Опал районунан ары "Асык" деген айыл бар. Махмуд Кашкари ошол асык айылынан. Асыктардын Топо, Тоймат, Кемпиректен башка Эгеш бийи Наманганды бийлеген. Анын балдары Абдыбай, Шайдылар Ак Суу айылында. "Асык элдин уюткусу".
Асыктардан 1770-1870-ж. олуя, даанышман, көрөгөч, билерман Сопу Ата Эсет уулу жашап өткөн. Ал Ормондун казак Кененсары, Ноорузбайын өлтүргөнүн жактырган эмес, кайра үчөөң биригип оруска, калмакка каршы болсоңор болмок, эми оруска багынып калдык деп кайгырган. Сопунун сөөгү Кегетинин суусу менен Каракол суусунун кошулган жериндеги түштүк жактагы кайкы тектирде. Асыктар Алматынын Кашкелең районунда, Ысык Көл, Чүй, Кичи Кеминде да турушат. Ат Башыда бешкөрүк асыктардын түтүнү 20-30. Бул уруудан Кашкелең, Сопу, Жая деген баатырлар чыгышып казак менен болгон чабышта набыт болгон. Иленин боюндагы Көк Ойрокто "Жаянын конушу" бар. Жаянын мүрзөсү Чүйдөгү Кегетинин оозунда. Кочкордогу Темир, Болот болуштугундагы асыктарды бөлүп өзүнчө болуш кылууда Төлөктүн ролу чоң. Төлөк манап Чокону кодулагандыктан ал жер которуштуруп көчүп кетет, ошондон улам: "Боз атчан Төлөк сенсиңби? Болушту сүргөн эрсиңби?" деп ырга кошулган.
Төлөк 180 түтүн эл менен Ат Башыдан Мамырбай, Теңизге көчүп келип, кийин Тезекбай, Кооман менен болуштукту талашып жүрүп асык болуштугун бөлдүргөн. Асык болуштугун бөлөөрдө комиссиянын курамында Омск уездинен бир орус, саяк Байзак баатыр (Пишпек уездинен), Пржевальский уездинен Капсалаң болуш катышып чечкен. Болуштук картага чийилген. Ошондо Байзак жер бөлүүдө Мантышты соогатка алып уругу көкмээ, катаган саяктары ал жерди жердеп калышат. Жалпы асык 10 старчын эл болуп, Мамырбай болуш шайланат. 1875-ж. асыктар борукчу элинен болуштугун бөлүп чыгышып Мамырбайды болуш кылып, салыктарын бир жыл Пржевал уездине төлөшкөн. Кийин асык болуштугу Пишпек уездине карап чек арасы бөлүнөт. Чоң Туз, Мыкан суусунун берки өйүзү Асык болуштугуна таандык. 1909-ж. Кызыл Мойноктун бери жагындагы Эпкинге 100 түтүн чечей уругу көчүп келген, шайлоодо асыктын эсебинен таш салышып асык болуштугу бөлүнгөн. Анын мыктылары Теңиз (бычман уругу), Мамырбай (бөрү), Андаш баатыр, Тооке уулу үрүстөм бай (уругу козугуна), Чоко бай (козугуна), Кыдырбай болгон. Мамырбайдан кийин асык болуштарынан Сасыктын уулу үмөш калыс, мыкты болуш болгон. үмөш Шабдандын Нурудин деген уулунун кызына үйлөнгөн. Андаш баатыр Төрөкелди баатыр менен жакшы санаалаш болуп, чогуу эрдиктерди жасаган.
Андаштын энеси Сарыбайдын эжеси Солтонкул байдын Батма деген кызы болчу. Андаш асык байлары үрүстөм, Чоко, Ниязбай, Теңизди ээрчитип алып суусар, кундуз, тайтуяк алтындарды Алматыга тартуулап барып асыкты бөлүп болуштук кылган. Темир, Болот болуштугунда асык уругунан Чылпак, Жоомарт, Козубек, Чал Түгөлбаев деген бийлер (Ч. Валиханов) болгон. 1870-ж. бөрү, бычманга Агыбай старчын экен. Мамырбай 1905-ж. ажыга кетип, кийин Сарыбай, Сатылган, Төлөк, Түмөнбай, Осмон, үмөш болуш болушкан. Кочкордун Талаа Булагында асыктын козугуна, байкүчүк, бычман уругу, Ак Талаада бөрүнүн, Ак Учукта, Ак Чийде, Узун Булакта – байкүчүк, козугуна уругу, Ара Көлдө козугуна, байкүчүк, Оро Башы, Туз айылында – бычман, Чолпондо – байкүчүк, козугуна, бычман, бөрүнүн – малай, торуайгырлары, Молдо Кылыч айылында, Кум Дөбөдө – бычман, козугуна, байкүчүктүн Торошон уругу, бөрүнүн Кызыл курт тукуму, Ак Жарда төрт тамга асыктын бүт уругу, Кара Тоодо бөрү, бычмандар, Кочкор, Арсы, Чекилдек айылында бөрү, бычмандар жашашат ("Асманы жакын айылым". 223-251-б.).
https://chagylgan.kg/2017/02/08/%D0%B6%D0%B5%D1%82%D0%B5%D2%A3%D0%B4%D0%B8-%D1%82%D0%B0%D0%B0%D0%BD%D1%8B%D1%81%D0%B0%D2%A3-%D0%B6%D0%B5%D2%A3%D0%B8%D1%88-%D1%81%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%BA%D0%B8/
«Ата» деген сөз — Адам Атадан бери келе жатса керек. Байыркы кыргыздар “7” атасын ыйык тутушкан. Айбанаттын деле, адамдын деле сөөк мүчөлөрүн жетиге бөлүп “7 мүчө” — баш сөөк, мойун, омуртка, төш, кабырга, куймулчак бир тутум болуп, буга алты жиликти — каржилик, күң жилик, далы, жамбаш, кашка жилик, жото жиликти кошуп, жалпысынан жети мүчө деп эсептешкен.
Ушул “7” деген сандын тегерегинде көптөгөн кыргыздын үрп адаттары жана салттары пайда болуп, жашоо турмушта колдонулган. Ата-тектин жетиге чейин аталышы туруктуу, өзгөчө мааниге ээ болгон. Алар: ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Ушундан улам макал лакаптар сөз айкаштары пайда болгон. Мисалы: “Ата-бабалардын журту”, “кубараңдын чокусу”, “жотоолуудан жол сура”, “жетсинен берки жер” ж.б.
Санжыра иликтөөчү Кабылбек Жумабаевдин ММКга жарыялаган “Кыргыздын оң канатындагы азык уруусунун түп атасы ким, ал качан жашаган” деген макаласына карата пикир жагууза туура келди. Анын жазганына таянсак, “Абдырахман (Азык) Домохандын баласы. Домохандын өзүнүн уруусу же башкарган эли “томо” (домо, дама) чыгар? Томо (Тама) уруусу өзбек ичинде, казак ичинде кездешет. 1412-жылы бул уруу 92 боолуу же бөлүк болуп кыпчакта турган 1455-1468-жылдарда бөлүнүү башталган. 1501-1510-жылдары чачырган. Абдрахмандын өйдө жагын санжырачылар кандай айтышат?”,- деп суроо таштайт.
Буга жоопту Султаев Амандын айтымы боюнча ырастасак: Аналхак – Шаршенби, Эрмек бий – Бууракан, Камбархан, Бышыхан – Арстанбек – Кылымхан – Төрөхан – Эшимхан –Дулдулхан – Чоңмамбет — Дамахан, Абдрахман (Азык)…
Анда эмесе, Абдрахман качан жашаган? Кочкордун Ак-Жарынан Норузбаев Чолпонкул (1900-1974) 1969 –жылы минтип айткан: Хан турсун (катаган уруусу) Эшимкан (Кыпчактын ханы). К.Жумабаевдин пикири боюнча, Азык уруусу кыпчактын арасында, ушул ойду Тоголок Молдо да тастыктайт (“Тоголок Молдо” 2-том, 315-333 беттерде). Эреше хан Тагай бийден кол сурайт, ошондо жардамчы колду Абдрахман баштап (Азык) Абдрахман уулу Кешкелеңден бери 16-20 тукум, жаңыча болжолдо 480-500 жылдарда өттү дегенде, 1515-жылдарда кыпчактардын арасында Азык Абрахман жашаган болот. Тагай бий менен Азык замандаш экени, Азык Тагайдын тондуу уулу эмес деген ойду тастыктайт.
Бычман уруусунун таркалышы боюнча укканыма жана окуганыма таянып окурмандарга сунуштамакчымын: Азык – Кашкелеңден, Бычмандан (Орозбай, Жедик, Караканай), Жедиктен (Бердиш, Бектемир), Караканайдан (Жанбала, Короолу, Жумаке, Конокбай), Короолудан (Карасай, Карагул), Бектемирден (Топон), Топондон (Белек, Дөбөйдөн -Жакшыбай, Жалгап, Асан, Кемпирек, Оболбек), Асандан — Жутагул, Жутагулдан (Орозай, Саткын, Насыкул), Насыкулдан (Сегизэк, Жантору, Жайчы, Ташыбек, Багыш) жана башкалар.
Азык уруусу башка уруулар сыяктуу өз алдынча болунуу эңсеп, болуштукту бөлдүрүп, бир болуш эл болууга жетишкен. Осмоналы Сыдыковдун жазганы боюнча Азык төрт тамгалуу делинип: 1. Бай кучук 2. Бычман. 3. Козугуна. 4. Бөрү аталып, азык уругу ар жерде тараганы, намыстуу уулдары Мамырбай, Деңиз ар жердеги азык урууларын жыйнап бир болуш эл кылып кеткени, Азык, Жанкорооз, Келдике, Барын, Саяк, Чертике, уруктарынын баяны сөз болот. «Андаш башын сайса, биз чыгымын көтөрөбүз» деп азыктын байлары козугуна Үрүстөм (1836-1933), Бычман азык Дыйкан (каймана аты Дыйкан Азык, Бүтөштүн Дыйканы) ж.б. демилге көтөрүшкөн. 18-кылымдын аягындагы жана 19-кылымдагы Бычман уруусунун эл башкарган чыгаан саясатчы уулдары болгон. Насыкул атанын неберелери Теңиз Бий, (Чон Таман) Кыдырбаев Болушка катчы ж.б. Ал эми байлары Насыкулдун эң кичүү (он үчүнчү) уулу Абайылда кайманаты (Аба). Насыкулдун Мундуз уруусунан алган аялынан төрөлгөн Байтору баласынын небереси Дыйкан. Насыкулдун Багыш уулунан Тынышпай ж.б. Тынышпайдын Карала, Сарала деген эки уулу болгон экен. Сарала 24 жашында өлгөн. Анын аты унунтулбасын деп Кайнар чөлкөмүнөн, Анжияндан уста жалдап келип, эчкинин майына кирпич бышыртып чоң күмбөз курдурган (болжолу 1875-85-жылдар), азыр да бузулбай, сынынан кетпей турат. Ал эми Дыйкан Аты айтып тургандай дыйканчылыка жакын жаратылышты сүйгөн адам экен. Кочкор чөлкөмүндөгү Чекилдек менен Ак-Жардын ортосун, батышынан Тармал Саздан чыгышка карай Көк-Жардын тушундагы Арал айлына чейинки аралыкты ээликтеп, токой тилкесин өстүргөн. Чүйдөн, Жумгалдан, Көлдөн кыргоол алып келип токойго коё берген. Ак-Жардын тушуна жардын башына кароол мунара салдырып токойдун өсүшүнө, андагы канаттуу куштардын жана жаныбарлардын көбөйүшүнө катуу көңүл бурган экен. Токой дүркүрөп өсүп, жаныбарлар, куштар көбөйгөндөн көбөйүптүр. Келечекке аяр мамиле жасап, алдын-ала кам көрүп, балдарын, туугандарырынын билимдүү кылганга аракет жасаптыр. Мугалим (молдо) жалдап балдарын окуткан. Балдары Ыйманалы, Молдаалы, Абиир, Жумабай инисинин баласы Осмон, Бостек тууганынын баласы Касым анын баласы Нурдин арабча окуп жаызып билимдүү болушкан. Дыйкандын көзү өткөндө байлыгы Ыйманаалыга оогон. Совет бийлиги орноп байлар кулакка тартылганда Ыйманаалы минип турган атынан башкасын ортого берип кутулган.
Бычман уруусунун эли Кайнар чолкомундо биринчи Айыл чарба Артелин уюштуруп, ага биринчи Касымов Нурдин башкарма болгон. Ыйманаалы байлыкка умтулбай, динге ыктап, жаратылышка жакын болуп бак-дарак тигүү менен алектенген. Ыйманаалынын тиккен бактары азырда бар, «Ыйманаалынын багы» деп аталат. Ыйманаалы балдарды арабча окутуп, молдочулука ык койгон.
Насыкул (1776-1847-ж.ж.) касиеттүү болгону айтылат, 3 аялынан 13 уулду болуп, балдарын өз сынынан өткөргөн экен. 13 уулун чакырып, таруу салдырып (эстен тандырып) сынаган экен: «Бийлик Багыш уулума кетти Жантору Бериктин тукуму аз болду. Ынтымак Мундуз-Казак катындын балдарында болду, Байлыктын көпчүлүгү Мундуз катындын балдарында болду», — деген экен дейт. Насыкулду сөөгү Чүйдөгү Маданият менен Он бир жылганын ортосунда делет. Насыкул жерге коюлгандан бир күн өткөндөн кийин, нааразы болгон жылкычысы мүрзөнү укурук менен чаап: “Эми өлдүңбү!”, — деген экен. Дегени менен ал жылкычы мүрзөдөн көп узабай аттан жыгылып мүрт кетиптир. Ошондон кийин мүрзө эл сыйынган эски жемиш багы бар, астынан булак аккан ыйык жайга айланыптыр…
Салбар КОЖАЛИЕВ, Санжыра иликтөөчү.
Урпактар
- Кашкелең 4 бала