Беккулу (Кара көйнөк)
Бул бутактын ылдыйында 220 жазуу.
Чулдук Таластан келип, Бугунун Кыдыгынан чыккан Торгой баатырдын кызын алат. Калыңына алган малды Таластан айдатып келет экен. Ошолордун ичинде кой болуп, алардын көпчүлүгүн кочкор түзүптүр. Торгой баатырдын иниси Түлөгул деген болуптур, ошол келген койлорго Түлөгул баш көз болуп туруптур. Ал киши жалаң кочкор айдап тажаганда, баарын бычып борукка айлантыптыр. Бычылган кочкорлордун көбү өлүп калыптыр, эл аны тамашалап жалаң борук багып калганда, Түлөгул аты өчүп, Борукчу аталып калыптыр. Азыр Борукчунун тукумдары Тоңдогу Боконбаев айлында абдан көп, азыркы мезгилде дагы Түлөгул аты чакырылбай, урпактары Борукчулар аталат.
Жолчоро катуу чыгат, ары балбан ары шер, Таластан ооп келгендигине карабай, аябай кадыр баркка ээ болуп, элге алынат.
Тоңдогу Кыдыктар дайыма мал бакканга жакшы жайыттарын берип, элге жаңы аралашып келе жаткан чаликелерди кодулабай, эл кылып алышат.
Жолчоро Тоңдогу Кыдыктардын ичинде, Каракөйнөк дегендин тукумун сактап калган. Себеби, кыргыздар калмактарды чапканда, Каракөйнөк деген адам
журтта калган бир баланы багып алат, ал баланы качкан калмактар жакшы кийинтип, кулагына алтын сөйкө тагып таштап кетишет экен. Бул, “тегин жердин баласы эмес окшойт”-деп, асырап бала кылып багып алып, атын Кабын коёт. Кийин айткандай эле Кабын мыкты чыгат. Ал акыл-эске толгондо, өзүнүн калмак экенин сезип калып, ичине кир пайда болуп калат. Эр-жигит болуп жетилгенде өзү каалагандай элди бийлеп, каалаганын жасап, кыргыз бир туугандарын кулдай сабап, күн көрсөтпөй, сулуу кыз-келиндерди көрсө кыя өтпөй, эринен тартып алып, жакшы ат көрсө, ээсин ат үстүнөн жыга тартып, атына ээ болуп, бир канкор болуп чыгат. Ал өзүн, бир айылдын элине хан сыяктуу мамиле кылат. Бир күнү Каракөйнөк атасы жаш токол алса, аны тартып алат, ошондо Каракөйнөк атасы багып алган Кабындан кутулуунун жолун ойлонуп калат. Буга эч ким эчтемке кыла албай коёт. Жада калса уктап жатканда жанына эч ким даап бара алчу эмес экен, көзүн тике карай алчу эмес дешет. Өзү аябагандай зор, балбан болгон экен, букаларды мүйүздөн алып жыгып туруп, оозун ачып буканын тилин тирүүлөй эле жулуп алчу экен. Каракөйнөк акыл ойлонуп, Кабынга: “Уулум эр-жеттиң, эл-жер көрүп малынды пулдап кел”- деп, Анжиянга соодагер сарттар менен кошуп ,бир топ мал айдатып жиберет. Каракөйнөк сарттардын кербен башына айтат: “Мен берген малдын баарын өзүң алып кал, жолдон Кабынды тынчытып койгун”-деп. Бир айга жетпей, Кабын аман-эсен келип калат, көрсө жолдон кербендер өлтүрөбүз деп кол салганда, кербенчилердин өзүлөрүн өлтүрүп, керектүү пулдарынын баарын алып, соп-соо үйгө келип калган экен. Үйгө келээри менен баарын кыйратып, баарын сабап: “Эмне менден кутула албай жатасыңарбы”- деп бүлүк салат. Каракөйнөк эптеп-септеп алдына түшүп: “Алдыңа кетейин уулум, андай эмес, сени кантип эле өлтүрөлү деп ойлойбуз”- деп эптеп, жайгарат. Эртеси Кабын кара аргымакты минип алып, айыл кыдырып бастырып кетет. Бутун аттын жалына арта сал, чоор тартчу дешет, ошондо ойдо-тоодогу жылкылардын баарысы, Кабынды тегеректешчү экен.Ошондой кылып жайлоого ат бастырып кеткенде, Каракөйнөк, коңшулаш айылдагы Жалгап деген мергенге ат чаптырып : “Жолдон кайтып келе жатканда атып өлтүр”- деп, ал мергенди жалдайт, бирок алда кандай болуп кетет деп, алыскы айылдан Жолчорону чакыртып, буктурмага коёт. Жалгап мерген Кабындын сүрүнөн коркуп жаза атып, мылтыктын огу тийбей калат, ошондо дагы Кабын селт этип койбогон деп айтылат. Ошондо, Кабын чындап эле мени өлтүрүшөт турбайбы деп, атты оозун коё берип, тоо жаңыртып кыйкырып: “Каныңды ичем, тукум курут кылам Каракөйнөк”- деп, айылды көздөй келе жатканда, Жолчоро жолдон тосуп чыгып: “аа Кабын! Эл болбодуң! Каныңды берген жоксуң! Эми ажалың жетти”- деп качырып сала берип, союл менен аттан түшүрө чабат. Ошондо Кабын айткан дейт: “Мага кыргыздан келчү жалгыз сен элең, күтүп жүрдүм эле”- деп. Кел эми кармашалы анда дейт. Жолчоро менен Кабын бир топко кармашып, акыры Жолчоро аны тынчытат. Мына ошентип, Кабын деген киши даабаган, ал эмес кыйын атактуу мерген сүрүнөн коркуп, ата албай койгон канкорду чапкан. Кабындын сөөгүн кепин көмдүрүп, кара ашын берген дейт. Кийин Каракөйнөк бий Жолчорону чакыртып алып , жакшы жерден жайыт берип, чогуу эл бололу деп, кутчуларды сыйлап калган дейт. Тоңдогу азыркы Эшперов айылындагы ойдуң жер – “Кутчунун Ою” деп аталчу. Ошол жерди кутчуларга Каракөйнөк бий берген, Жолчоро чон атабыздын сөөгү Темирканаттын белине, Каракөйнөктөрдүн жерине коюлган. Муну менен эмне айтмакчыбыз, бир кездеги чоң атабыздын кылган жакшы иши, кийинки Кутчунун Чалике уруусунун балдарына унутулбасын деп, Каракөйнөктүн урпактары дагы, чоң атабыздын жакшылыгын эстей жүрсүн деген ой. Ушул эле тукумдан эл керегине жараган эр азаматтар бүгүн да чыгып жатат. Эл кадырына ээ болгон, ак мээнети менен, дүйнө элдерине атагы тараган Жаныш Туратбек уулу – улуу саяпкер, Акун уулу Алмазбек Чаликеевич “Салбуурун Эл аралык бирикмесинин президенти.