Тасма
Бул жазуунун ылдыйында санжырада азырынча эч нерсе жок.
Тасма (Кенжебек)
Теңизбай жашынан эл бийлеп, кооздонуп жүргөн адам болот. Ошондонбу, Жору журтунда "Ак үзөңгу Теңизбай" - деген ат менен чакырылып жүрөт. Иниси Кенжебек (Тасма) шыңга бойлуу, сыпаа, шамдагай бала жетилиптир. Жылдардын биринде кар жаап тypyп алып, малды жут алып, эл кыйналат. Ал кездин хан ордундагы Аппак Кожо элин кыдырып, абалын сурап жүрүп, Теңизбай бийге мейман болуп түнөп калат. Мейманга кызмат кылып жүргөн Кенжебек Аппак Кожонун колуна суу куюу цчун кирет. Ошондо Аппак Кожо: "Оо, Теңизбай бий иниң тасмадай созулган жигит болгон тypa", - дейт. Ошол жылдардан Кенжебек деп чакырышпай, "тасмадай" созулган жигит деп чакырып жүрүшүп, Тасма деп калышыптыр.
Теңизбай урпактары
(Эл дүйнөсү. № 1,2009)
Жапарали Осмонкулов