Аталар АКИpress
RU KG
АКИpress аркылуу кирүү

Элчибек

Бул бутактын ылдыйында 69 жазуу.

Дарак түрүндө

Суксур эненин биринчи баласы.

Суксур урусу жөнүндө баян. https://www.facebook.com/photo/?fbid=1607276345960046&set=a.1567300416624306

Биздин (менин) жетинчи чоң атам Жаамбай, андан: Элчибек, Элчибектен Жумаш, Жумаштан Эсен, Эсенден Кедеймат, Кедейматтан Абдыраман. Абдырамандан Жунуш, Жунуштан Урмамбет болуп келип мага жетет.

Жетинчи атабыз Жаамбай өз учурунда коп аял алып, ар бир аялынан тукум көрөт. Жаамбайдын бир аялы Суксур-кыз кезинде уруу менен уруунун чоң чабуулунда колго түшөт, өз эли менен эркекче кийинип алып салгылашта колго түшүп калат, биздин Кыдык элинен чабуулга барган жигиттери адеп колго түшкөндө эркек бала катары жүргөн кызды таанышкан эмес, бирок кыз деген кыз да акыры билип калышат. Жигиттердин эч кимиси ээн баштык жасап, туткун кызды кордобостон, жакшылап багат. Анын адамкерчилигине, сулуулугуна таң калып, өз атынан чакырбастан (аты Саалыйбүбү) Суксур деп атап (Суксур деген ошол доордо жашаган эң кооз чымчык болгон экен) атабыз Жаамбайга алып беришет.

Суксурдун (Саалыйбүбүнүн) биринчи төрөгөн баласы Элчибек андан кийинкилери Мурат жана Жоруп болгон.

Урпактар

Кирүү


Забыл пароль - калыбына келтирүү

Каттала элексизби? - каттоо

каттоо

Катталдыңызбы? - кирүү

Сыр белгини калыбына келтирүү

Катталдыңызбы? - кирүү