Аталар АКИpress
RU KG
АКИpress аркылуу кирүү

Нойгут

Бул бутактын ылдыйында 26 жазуу.

Дарак түрүндө

Нойгут - ичкиликтер уруулук тобундагы байыркы ири уруунун бири. Айрым
маалыматтар бул уруунун бир бөлүгүн Чыгыш Түркстанды эзелтеден
мекендешерин баяндайт. Өздөрүн «ойгут» деп аташкан бул уруунун айрым
бөлүктөрү көл кылаасында да жашашат. Этнонимдин параллели «найкит»
формасында бүгүнкү монголдордун курамында да бар экендиги аныкталган.
Этностук аталыш «Манас» эпосунда да кенен чагылдырылып, кыргыздын бир
уруусу катары айтылат. Айрым даректүү булактардын берген маалыматтарына
караганда, 16 -18 -кк. нойгуттар Лоб-Норду жана ага жамаатташ аймактарды
мекендешкен. Бул топонимдин (Лоп топоними) нойгут уруусунун эзелтеден
байырлаган жери экендиги «Манас» эпосунун көп эпизоддорунда эскерилет. 16 -к.
нойгуттар Кашкардагы Уч чебинин айланасында эскерилет. Учурда бул уруунун
өкүлдөрү Баткен аймагын, ага чектеш Тажикстан, Өзбекстан айрым райондорун,
Чыгыш Түркстанды (КЭР) эзелтеден мекендеп келишет. Негизги уруктар
төмөнкүлөр: таздар, сакы, моканай, чыны атар, кара моюн, жабай, жайылчы,
газды, кара саадак, саадак, чалтак ж.б.

Урпактар

Кирүү


Забыл пароль - калыбына келтирүү

Каттала элексизби? - каттоо

каттоо

Катталдыңызбы? - кирүү

Сыр белгини калыбына келтирүү

Катталдыңызбы? - кирүү