Кыпчак
Бул бутактын ылдыйында 148 жазуу.
Кыпчак - кыргыздын эң ири, байыркы урууларынын бири. Генеалогиялык
маалыматтар боюнча кыпчактар ичкиликтер (Булгачылар) уруулук тобунун
курамына киришет. Кыпчактар - орто кылымдардагы күч-кубаттуу уруулук
бирикмелер катары белгилүү болушкан. Кыргыз-кыпчактардын жайгашкан
ареалы өтө кенен аймактарды кучагына камтыйт. Бул уруунун өкүлдөрү Ош,
Жалал Абад, Баткен, Чүй облустарынан сырткары, Өзбекстандын Анжиян,
Наманган, Ташкент, Сырдарыя, Тажикстандын Жергетал, Шаартуз, Тоолуу
Бадахшан аймактары, КЭРдин Шинжаң Автономиялуу областынын айрым
жерлерин мекендеп келишет. Кыпчактар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар кытай
жыл баяндарынан белгилүү. Анда (б.з.ч. 201 -ж.) хуннулар багындырган жана
алардын мамлекетинин курамына кирген «кюсше» аттуу (кытай
транскрипциясында) журт баяндалат (Бичурин 1950, 1, 50). Башка булактарда
«кюс-ше», «кин-ча», «хи-би-са» формаларында да кезигет. Энесайлык кыргыздар
менен батыш тараптан (Иртыш) коңшу турушкан. Уйгур каганы Моюн Чурдун
эстелигинде (751 -жыл) кагандын түрк -кыпчактар мамлекетинде 50 жыл такта
олтургандыгы баяндалат. Махмуд Кашгари кыпчактарды кыргыз, огуз, тухси,
ягма, чигил жана чаруктар менен бирге таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилейт.
Кыпчактар мусулман жазма булактарында «кыфчак», «кыбчак», орус жыл
баяндарында «половец, половцы», батыш жазма булактарында «куман»,
«коман» формаларында эскерилет. «Кыпчак» этнокомпоненти кыргыздардын
этногенезисинде өзгөчө ролго ээ. Таанымал түрколог-окумуштуу Н.А.Баскаков
кыргыз тилинин калыптанып өнүгүшүндөгү кыпчак тилинин тийгизген таасирин
өзгөчө белгилейт. Чындыгында эле, кыргыз тили түрк тилдеринин
генеалогиялык классификациясында чыгыш хунну группасындагы өзгөчөлөнгөн
кыргыз-кыпчак бутагына кирет. Бул факт кыргыз тилине орто кылымдардагы
кыпчак тилинин тийгизген таасирин бекемдей алаары ырас. Кыргыз-кыпчак
этностук алакалары, болжолу, б.з.ч. III к. эле башталган. Бул процесс кыпчак
урууларынын көчмөндөр дүйнөсүндөгү саясий-согуштук кубатынын өсүшүнөн
улам күч ала баштайт. «Кыпчак» этнокомпоненти кыргыздардын курамына эрте
орто кылымдар мезгилинде эле кирүүсү толук мүмкүн.
Урпактар
- Торайгыр 7 бала
- Таз 1 бала
- Кожомшүкүр 10 бала
- Жартыбаш 4 бала
- Шерден 6 бала
- Кырмыш 4 бала
- Жаманаң 11 бала
- Омонок 7 бала
- Алтыке 4 бала
- Канкыпчак
- Тобуркыпчак
- Сарт кыпчак
- Кытай кыпчак
- Кыргыз кыпчак
- Бөө кыпчак
- Көк кыпчак
- Ак кыпчак
- Кара кыпчак
- Сары кыпчак
- Актачы 5 бала