Аталар АКИpress
RU KG
АКИpress аркылуу кирүү

Дөөлөс (Төөлөс)

Бул бутактын ылдыйында 215 жазуу.

Дарак түрүндө

Дөөлөс (Төөлөс) - ичкиликтер уруулук тобунун курамындагы байыркы ири уруу.
Уруунун жана анын аталышынын келип чыгышын б.з. 4 - 8-кк. теле (телес)
уруулук бирикмеси менен жалпылыкта кароого негиз бар. 630-ж.
сиртардуштарды жетектеген төөлөстөр Чыгыш Түрк каганатынын аймагын ээлеп алышкан.

Төөлөстөрдү кыргыздардын курамында эрте орто кылымдар
мезгилинен эле белгилүү болгон деген тыянак чыгарууга болот. Бул уруунун өкүлдөрү Ноокат, Жетиөгүз, Алай, Карасуу, Сузак ж.б аймактарды жердеп келишет. Дөөлөстөр ай тамга жана кош тамга уруулук топторуна ажырашат. Бул дуалдык система уруунун тегинин өтө байыркылыгын чагылдырат. Алар төмөнкүлөр: ай тамга тобу: буйга, бөлтүрүк, шапан, дунук, качканак, дөрбөн, карагайлы, толуман, кенже тукум ж.б.; кош тамга тобу: меркит, муркут, гирей, шорон, жору, кысроо, буралар ж.б.

Макал.

Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө — көрүн бербейт.

Урпактар

Кирүү


Забыл пароль - калыбына келтирүү

Каттала элексизби? - каттоо

каттоо

Катталдыңызбы? - кирүү

Сыр белгини калыбына келтирүү

Катталдыңызбы? - кирүү