Түгөл Ак суулук
Бул бутактын ылдыйында 22 жазуу.
Түгөл атаны дагы Түгөлбука Акбуура деп атайт.
Басыз уруусунун аскердик урааны “Акбуура” деп чакырылганы маалым.
Санжырачы Өмүралы уулу Макембай агабыз Баасыздын Керки – Тамга урук – тобун изилдеп жазганында: – “Кыргыздар тажиктердин эзүүсүнөн кутулгандан кийин калмактар менен жер талашып дагы оргу – баргы заманга туш болот.
Калмактар Ак – Буура дарыясынын боюна чеп куруп алып, дарыядан жер алды менен түтүкчө аркылуу суу киргизип алат.
Кыргыздар жана Айкожокан баш болуп тажиктер чепти ала албай кыйналышат.
Ошондо базыс төөлөргө саман жүктөп келип дарыяга ташташат. Самандын агышы менен кууп барып түтүкчөнүн оозун тосуп тагып – тыгып суу өткөрбөй коюшат. Чепке суу бурбай калган соң калмактар аргасыз чептен чыгышат.
Кыргыздар аларды кырып салат. Бул амалды ким тапты деп сураганда аны Түгөлбука басыз кылгандыгы аныкталат деп жазган.
https://aimak.kg/janylyktar/65034-baasyz-uruusunun-uruk-toptorgo-b%D3%A9l%D2%AFn%D2%AFsh%D2%AF-zhana-kudajlat-t%D3%A9b%D3%A9t-atalyshtardyn-kelip-chygyshy.html
Урпактар
- Ак була (Ала-Була) 1 бала