Аталар АКИpress
RU KG
АКИpress аркылуу кирүү

Эрназар

Бул бутактын ылдыйында 38 жазуу.

Дарак түрүндө

Раманкулов Эрназар

1922-жылы 1-майда Ош областынын Өзгөн районундагы Красный

Маяк айылында туулган. 1932-жылы Жылалды айылындагы мектепке окууга

барып, анда 4-класска чейин окуган. 1936-жылы Жалал-Абад шаарындагы

колхозчу-жаштар мектебинде (ШКМ – школа крестьянской молодежи) 5-

класстан окуусун уланткан. 1938-1941-жылдары Жалал-Абад шаарындагы

педагогикалык окуу жайында окуп, андан кийин шаарга жакын жайгашкан

Сузак районуна караштуу Ырыс айылындагы мектепте эки ай мугалимдик

кызматта эмгектенген жана ошол эле жылы ноябрь айында согушка кеткен.

Украина, Белоруссия фронтторунда, Польшада немецтик баскынчыларга

каршы согуштук аракеттерге сапер, кийинчерээк артиллериялык полкто (439

иптап - истребительно-противотанковый артиллерийский полк) наводчик

катары катышкан. 1945-жылы 27-январда бутунан майып болуп, госпиталга

жөнөтүлгөн. 1946-жылы туулган жерине – Өзгөнгө кайтып келген.

Согуштан келгенден эки айдан кийин Ош шаарында бухгалтерлерди

даярдоочу алты айлык курсту бүтүргөндөн кийин Өзгөн районундагы

“Кыймыл”, “Кызыл Октябрь”, “Путь к коммунизму” жана Карл Маркс

атындагы колхоздордо, 1963-жылдан «Өзгөн» совхозунда эсепчи болуп

эмгектенген. Анын дээрлик көпчүлүк мезгилинде башкы эсепчилик милдетти

аткарган. 1973-1975-жылдарда Өзгөн районундагы Төрт-Көл селолук

Советинде эсепчи жана жооптуу катчы болуп эмгектенген жана Эл

депутаттарынын Төрт-Көл селолук Советинин бир нече чакырылышына

депутат болуп шайланган. 1977-жылы пенсияга чыкканга чейинки аралыкта

«Өзгөн» совхозунун бөлүмдөрүндө эсепчи болуп иштеген. 2002-жылы 80

жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Өзү жашаган көчөгө анын

ысмы ыйгарылган.

Орус, казак, өзбек, түрк, татар тилдеринде жазылган тарыхый жана

адабий китептерди окуп, түшүнө билген. Араб жазуусун окуганды жана

жазганды өз алдынча өздөштүрүп, колдонгон.

Улуу Ата-Мекендик согуштагы эрдиктери жана согуштан кийинки

мезгилдеги үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:

1. “Красная звезда” ордени;

2. “Отечественная Война I степени” ордени;

3. “Отечественная Война II степени” ордени;

4. “За отвагу” медалы;

5. “За победу над Германией 1941-1945 гг.” медалы;

6. “Медаль имени Жукова” медалы;

7. “20 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.” медалы;

8. “30 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.” медалы;

9. “40 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.” медалы;

10. “50 лет Вооруженных сил СССР” медалы;

11. “50 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.” медалы;

12. “60 лет Вооруженных сил СССР” медалы;

13. “70 лет Вооруженных сил СССР” медалы;

14. “В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик медалы;

15. “25 лет победы в Великой Отечественной войне” төш белгиси;

16. “Отличник артиллерист” төш белгиси;

17. “Гвардия” төш белгиси.

Урпактар

Кирүү


Забыл пароль - калыбына келтирүү

Каттала элексизби? - каттоо

каттоо

Катталдыңызбы? - кирүү

Сыр белгини калыбына келтирүү

Катталдыңызбы? - кирүү