Асыл нарк: дарыгердин адамдык жана кесиптик дүйнөсү
«Ысык-Ата» санаторийинин башкы дарыгери, медицина илимдеринин талапкери Канатбек Рыскулбекович Казымбеков
Жанга жагымдуу жылуу жел. Сулуу көктөм. Ырлуу көктөм. Тоо боорунан жаңыдан жанданып чыккан жашыл чөптүн жыты менен тоонун таза абасы аралашып, адамдын көңүлүн өзүнөн-өзү сергитет. Эки тоонун ортосунда орун алган «Ысык-Ата» санаторийинин айланасында асман тиреген мырза теректер, карагайлар, тоо бетин бойлой созулган арча-кайыңдар жаратылыштын өз колу менен тартылган сүрөттөй көрүнөт. Деңиз деңгээлинен 1775 метр бийиктикте жайгашкан бул өрөөндүн абасынын тазалыгын айтпаңыз. Бирде күн чайыттай ачылып, бирде тоо башына туман конуп, кайра көз ирмемде тарап кетет. Жаратылыш адам менен сүйлөшүп, ал тургай аны менен ойноп жаткандай. Көктөмдүн өзүнүн үнү болот экен. Алыстан угулган куштардын сайраганы, кара торгойдун үнү, шаркырап, айрым жерде күркүрөп аккан тоо суусу — баары кошулуп өзүнчө бир табигый симфония жаратат. Мындай жерде адам денесин гана эмес, оюн да эс алдырат. Балким, санаторийдик дарылоонун өзгөчө касиети да ушундадыр: адамды дары-дармек менен гана эмес, табият, тынчтык, суу, аба жана адамдык жылуу мамиле менен айыктырууда. Бирок кооз жаратылыштын арасында да адам өзүнүн күнүмдүк түйшүгүн, оорусун, санаасын кошо ала келет. Бир күнү кара терге түшүп, өңү купкуу тартып, көзү тунарып, ордунан обдулуп тура албай калган бир эжеге көзүм түштү.
— Кан басымым көтөрүлүп жатат. Башкы дарыгерге келдим эле, — деди ал акырын.
Көз айнекчен, арыкчырай, ак халатчан дарыгер аны бөлмөсүнө ээрчитип кирип кетти.
Сыртынан караганда кадимки эле көрүнүш. Дарыгердин күнүмдүк иши: оорулуу келет, дарыгер текшерет, дарылоо дайындайт. Бирок медицинада адамдын эсинде дайыма эле дарынын аталышы калбайт. Кээде анын эсинде дарыгердин үнү, көз карашы, көңүл буруп укканы, «коркпоңуз, баары жакшы болот» деген бир ооз сөзү өмүр бою сакталат.
Кийин баягы эже алдымдан жеңил басып чыгып калды.
— Кандай болуп калдыңыз? — дедим.
— Жакшы. Балдарым жолдомо алып беришкен эле. Башкы дарыгер кан басымымды түшүрүп, жакшы кеңешин берди. Ашказаныма пайдалуу сууну да кантип ичиш керектигин айтты, — деди маанайы көтөрүлүп.
Кетип баратып кайра мага кайрылды:
— Будданын сүрөтү түшүрүлгөн ташты көрдүңүзбү?
— Көрдүм. Бирок андай нерселерге анча ишене бербейм, — дедим.
Анан сөздү тамашага буруп:
— «Текеге» бардыңызбы? — дедим.
Санаторийге келгендердин арасында ал жер тууралуу ар кандай тамашалуу кептер айтыларын уккам. Эже болсо муну биринчи жолу угуп жаткандай күлүп калды.
Бир аз мурда гана кан басымы көтөрүлүп, кабатырланып отурган адамдын эми күлүп, көңүлү ачылганын көрүп, эртең башкы дарыгерди сөзсүз таап сүйлөшөм деп чечтим.
Эртеси айланага жарык жаңыдан түшө баштаганда ойгондум. Көп өтпөй тоо-таш, сай-салаа, суунун бети күн нуруна бөлөндү. Эс алуучулардын бир тобу ысык бассейнге карай жөнөп жатышты. Эртең мененки тамактан кийин процедураларга кирип-чыгып жүрүп, убакыттын кандай өткөнүн байкабай калдым.
Бассейнден чыксам, кардиолог Эмилкан Абазганович сегизинчи корпуска бара жатыптыр. Кан басымы жогору адамдарга минералдык суу, ысык булак жана санаторийдик дарылоо кандай таасир этерин сурап, сөзгө тарттым. Бирок биздин маек медицина менен эле чектелип калган жок.
— Сицилияны, Сардинияны, Италияны сура. Ошол жакта иштеп келдим, — деди ал тамашалай.
Ошентип сөз Италияга, андан италиялык киного, Микеле Плачидо ойногон атактуу «Спрут» сериалына өтүп кетти. Дал ошол учурда «Ысык-Ата» санаторийинин башкы дарыгери Канатбек Рыскулбекович Казымбековго жолугуп калдык.
Ал шашып бара жаткан экен. Бирок ошого карабастан токтоп, аз убакыт болсо да биз менен сүйлөшүүгө үлгүрдү. Жаратылыш факторлорун дарылоодо пайдалануунун өзгөчөлүктөрү, физиотерапия, электрофорез жана медициналык билимди үзгүлтүксүз жаңыртып туруу зарылдыгы тууралуу айтып өттү. Ошондо мен үчүн бир нерсе өзгөчө маанилүү сезилди: илимий даражасы бар, көп жылдык тажрыйба топтогон адистин «кайра окуп жатам» деп айта билиши. Чыныгы илимдин табияты да ушунда эмеспи? Илим «мен билем» деген жерден эмес, «дагы эмнени билишим керек?» деген суроодон башталат. Айрыкча медицинада кечээки билим бүгүн толукталып, бүгүнкү ыкма эртең жаңы далилдердин негизинде өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан дарыгер үчүн үзгүлтүксүз билим алуу кесиптик талап гана эмес, бейтаптын алдындагы жоопкерчиликтин бир формасы.
Канатбек Рыскулбековичтин өмүр жолу да даяр салынган түз жол менен башталган эмес экен. Ал Сокулук районунда өсүп, 1965-жылы 1-май айылындагы 1-май орто мектебин 1982-жылы бүтүргөнүн айтып берди. Мектептен кийин медициналык институтка тапшырат, бирок биринчи аракетинде өтпөй калат. Андан соң Кемерово облусунда аскердик милдетин өтөп келет. Адамдын мүнөзү кээде чоң жеңиштеринен эмес, биринчи жеңилүүдөн кийин эмне кылганынан көрүнөт. Аскерден келгенден кийин Канатбек Рыскулбекович мурдагы максатынан баш тарткан эмес. Кайрадан өзү каалаган медициналык окуу жайга тапшырып, билим алып, кесиптик жолун медицина менен байланыштырган. Бул өмүр баяндык түйүн жөнөкөй көрүнгөнү менен, анын мүнөзүн ачкан маанилүү жагдай. Анткени кесип тандоо менен кесипке берилгендик эки башка түшүнүк. Кесипти бир жолу тандасаң болот. Ал эми ошол тандоого өмүр бою ишенимдүү калуу үчүн туруктуулук, эмгекчилдик жана ички жоопкерчилик керек. Кийин ал медицина илимине аралашып, илимий изилдөө жүргүзүп, медицина илимдеринин кандидаты болгон. Илимий иш, практикалык медицина жана санаторийдик дарылоо анын кесиптик тажрыйбасында бири-бирин толуктаган багыттарга айланган. Биздин маек бара-бара Кыргызстандагы илимдин абалына, адистердин мүмкүнчүлүгүнө, жаштардын чет өлкөгө кетишине чейин жетти. Совет мезгилиндеги маалыматтарды, карталарды издеп таап, белгилүү бир медициналык маселени системалуу изилдөөгө аракет кылган учурлар жөнүндө сөз болду.
Бирок илимий иш үчүн каалоо гана жетишсиз. Лабораториялык база, жабдуу, туруктуу каржылоо, убакыт жана илимий чөйрө талап кылынат. Үй-бүлөлүк жоопкерчилик менен күнүмдүк турмуштун түйшүгү да илимпоздун жолуна таасирин тийгизбей койбойт. Бул бир гана адамдын өмүр баянына тиешелүү көйгөй эмес. Таланттуу адамды табуу жетишсиз; анын изилдөөсүн улантуусуна шарт түзүү да коомдун милдети. Канатбек Рыскулбекович менен маектешкен сайын анын дарыгерлик кесиптин гана адамы эмес, улуттук маданиятка, адабиятка жана поэзияга өзгөчө жакын инсан экени байкалып турду.
Сөз арасында кыргыз элинин улуу руханий мурасы — «Манас» эпосун өзгөчө жакшы көрөрүн, эпостогу адамдык ар-намыс, мекенчилдик, элдин биримдиги, достук жана жоопкерчилик идеяларын жогору бааларын айтты. «Манас» — бир гана баатырдын эрдигин баяндаган эпикалык чыгарма эмес. Ал кыргыз элинин тарыхый эс-тутумун, дүйнө таанымын, адептик түшүнүктөрүн, эл-жерге болгон мамилесин жана муундан муунга өткөрүп келген руханий баалуулуктарын камтыган зор маданий мурас.
Манастын күчү анын жеке баатырдыгында гана эмес, элди бириктирүү, журттун бүтүндүгүн сактоо жана жанындагы адамдардын алдында жоопкерчилик сезүү сапаттарында ачылат. Бакайдын акылмандыгы, Каныкейдин көрөгөчтүгү менен сабырдуулугу, Алмамбет менен Чубактын достукка жана намыска берилгендиги — асылнарк түшүнүгүнүн ар башка кырлары.
Канатбек Рыскулбековичтин «Манаска» болгон кызыгуусу анын сүйүп окуган дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы менен да табигый үндөшүп кетет.
Алардын бири — чилилик акын Габриэла Мистраль. Ал 1945-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыган Латын Америкасынын алгачкы адабият өкүлү. Мистралдын поэзиясында эне мээрими, бала дүйнөсү, сүйүү, жоготуу, жалгыздык жана адам тагдыры өзгөчө орунда турат. Анын поэзиясы бир жөнөкөй, бирок өтө терең чындыкты эске салат: ооруну көрүү бир башка, ооруп турган адамды көрө билүү — таптакыр башка сапат.
Кыргызда «молдонун каты, жакшынын аты калат» деген нарктуу сөз бар. Адамдын өмүрү да акырында анын башкаларга калтырган изи менен өлчөнбөйбү. Канатбек Рыскулбекович өзгөчө баалаган дагы бир акын — мажар адабиятынын классиги Шандор Петефи. Ал Нобель сыйлыгы негизделгенге чейин, 1849-жылы каза болгон. Бирок анын поэзиясы мажар элинин эркиндикке болгон умтулуусунун көркөм символдорунун бирине айланган. Анын «Эркиндик, сүйүү!» аттуу белгилүү ырындагы ой кыргызча мындай жаңырат:
Эркиндик, сүйүү!
Ушул экөө керек мага.
Сүйүүм үчүн өмүрүмдү,
Эркиндик үчүн сүйүүмдү берем.
Бул төрт саптын өзүндө эле Петефинин дүйнө таанымы топтолуп тургандай. Сүйүү адамдын жеке дүйнөсүн түзсө, эркиндик анын инсандык кадыр-баркын аныктайт.
Петефинин эркиндик жана намыс жөнүндөгү философиясы «Манас» эпосундагы эл-жерди коргоо, намыс жана мекенчилдик идеялары менен да үндөшүп турат. Тарыхый жана маданий шарттары башка болгону менен, адамдын эркиндигин жана кадыр-баркын жогору коюу аларды жакындаткан жалпы гуманисттик өзөк.
Ал эми Канатбек Рыскулбекович жаш кезинде Салижан Жигитовдун котормосунда Антуан де Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзаадасын» кайра-кайра окуганын өзгөчө жылуулук менен эскерди.
Бул чыгарманын анын сүйүктүү китептеринин бири болгону да бекеринен эместей. «Кичинекей ханзаадада» көтөрүлгөн сүйүү, достук, мээрим, жалгыздык жана башка адам үчүн жоопкерчилик маселелери дарыгерлик кесиптин адамдык философиясына абдан жакын. Кичинекей ханзаада өзүнүн Розасынын кадырын дүйнөдөгү миңдеген розаларды көргөндөн кийин түшүнөт. Анын Розасы жөн гана гүл эмес. Ал ага убактысын арнаган, сугарган, коргогон, кам көргөн. Ошол камкордук Розаны кайталангыс кылган.
Адамдык мамиле да ошондой эмеспи? Бизге кымбат адамдар башкалардан сөзсүз артык болгондугу үчүн эмес, аларга жүрөгүбүздүн, убактыбыздын бир бөлүгүн арнаганыбыз үчүн кайталангыс болуп калат. Дарыгерлик кесипте да ушундай көзгө көрүнбөгөн байланыш бар. Бейтап дарыгер үчүн медициналык картадагы кезектеги фамилия же диагноз гана болуп калбашы керек. Ар бир оорунун артында өзүнүн өмүр баяны, үй-бүлөсү, коркунучу жана үмүтү бар адам турат.
Бирок Канатбек Рыскулбековичтин адабиятка жакындыгы сүйүктүү акындарын окуу менен эле чектелбейт экен. Ал өзү да ыр жазаарын, билгенимде анын ички дүйнөсүнүн дагы бир эшиги ачылгандай болду.
Күн сайын адамдын ден соолугу, оорусу, сакайышы, кээде өмүр менен өлүмдүн ортосундагы өтө назик чек менен бетме-бет келген дарыгердин ырларында өмүр башкы темалардын бири болуп калышы бекеринен эместир.
Өткөрүп бир берилген бул өмүрдү,
Күндөрүм жылды курап жаратышат.
Күнүмдүн шилисинен байлап алып,
Жылдарым өмүр сүйрөп баратышат.
Өмүрдү жылдар жиреп жатса дагы,
Агызып эки канат кирпигимден.
Келе жатам, мен дагы калгым келбей,
Адашып момундардын тизмесинен.
Таттуу өмүр ачуусунан аз келсе,
Кимдер кантип татат аны, ким байкаар.
Ачуусун да жутуп келем билгизбей,
Бир күнүмдүн бүт өмүргө барабар.
Аз дүйнөм жаманынан жазаланса,
Өмүрдүн кээ күндөрүн азалаймын.
Жакшыны жаман күнгө байлап берип,
Кээ күндөрү мен өзүмдү жазалаймын.
«Күнүмдүн шилисинен байлап алып, / Жылдарым өмүр сүйрөп баратышат» — кандай элестүү саптар! Күндөрдөн жыл куралат, жылдар болсо адамдын өмүрүн улам алдыга жетелейт. Убакытты токтото албайсың. Артка да кайтара албайсың.
Мага өзгөчө:
Ачуусун да жутуп келем билгизбей,
Бир күнүмдүн бүт өмүргө барабар, — деген саптар таасир берди.
Дарыгер үчүн бир күндүн бүт өмүргө барабар болушунун өзүнчө мааниси бардай. Кээде бир күндө адам ооруйт, бир күндө диагноз угат, бир күндө үмүттөнөт. Кээде дарыгердин өз убагында кабыл алган бир чечими бейтаптын кийинки бүтүндөй өмүрүнө таасир берет.
Ал эми «Кээ күндөрү мен өзүмдү жазалаймын» деген сапта башкаларды соттогондон мурда өзүнө өзү суроо берген адамдын үнү угулат.
Асылнарктын дагы бир белгиси ушул эмеспи — өзүңө өзүң жооп бере билүү?
Канатбек Рыскулбековичтин «Өмүр» аттуу дагы бир ырында ошол эле тема башка өңүттөн ачылат.
Өмүр — кымбат!
Ак сүтүндөй апаңдын кайтып эмгиз.
Батасындай атаңдын кайтып келгиз.
Өмүр — сулуу!
Көктөмү бар, гүл жайнаган жазындай.
Сулуу кыздын жарашыктуу калындай.
Өмүр — кызык!
Бирде майрам, тептирет бизге оромпой.
Бирде ызгаар, бетти тилген бороондой.
Өмүр — сырдуу!
Ачыла элек бул ааламдын сырындай.
Аска зоонун бүт баса элек кырындай.
Өмүр — табышмак!
Учкаштырып бизди өмүр «аргымак»,
Билбей күндү ооп түшөр тагыраак.
Өмүр — татаал!
Жүрүш салган чапыраштуу, аралаш.
Сени, мени таппай издеп санаалаш.
Унутпайлы!
Бирок өмүр, өмүр өчөт өтө бат,
Бир отуруп, бир чегилген чылымдай.
Эсте, досум! Эсте калсын өмүрүң,
Бир акындын чегип жатып,
Жакшы жазган ырындай.
Бул ырды окуганда макаламдын башында сүрөттөгөн «Ысык-Атанын» көктөмү кайра көз алдыма тартылды.
Тоо. Таза аба. Суу. Жашыл чөп. Бирде чайыттай ачылган күн, бирде тоо башына конгон туман...
Өмүр да ошондой турбайбы.
Бирде майрам. Бирде ызгаар.
Бирде сулуу. Бирде татаал.
Бирде түшүнүктүүдөй. Бирде түбүнө жеткис табышмак.
Ошентсе да ырдын эң негизги суроосу «өмүр канча жылга созулат?» дегенде эмес. Адамдан эмне калат? — деген суроодо жаткандай.
Эсте, досум! Эсте калсын өмүрүң...
Чын эле, адамдан эмне калат?
Кызматыбы? Наамыбы? Байлыгыбы?
Алардын баары убакыт менен өзгөрөт.
Бирок бирөөгө кылган жакшылыгы, ооруп келген адамды айыктырганы, көңүлү чөккөнгө айткан жылуу сөзү, тарбиялаган шакирти, жазган илимий эмгеги, калтырган ыры — жашай бере турган из эмеспи.
Ошондо Канатбек Рыскулбекович сүйгөн чыгармалар менен анын өзү жазган ырларынын ортосундагы ички байланыш дагы даана көрүнөт.
«Манас» — эл алдындагы жоопкерчиликти жана намысты;
Мистраль — мээримди жана адамдын кайгысын сезе билүүнү;
Петефи — эркиндик менен ар-намысты;
Сент-Экзюпери — сүйүүнү, достукту жана жоопкерчиликти;
Канатбек Рыскулбековичтин өз ырлары болсо — өмүрдүн кайталангыс баасын, убакыттын өтмөлүүлүгүн жана адамдан жакшы из калтыруунун зарылдыгын эске салат.
Ар башка кылым. Ар башка эл. Ар башка адабий салт. Ар башка маданият.
Бирок алардын баары бир чекитке келип биригет.
Асылнарк — жөн гана жакшы адам болуу эмес.
Ал — берилген өмүрдүн баркын билүү. Өз кесибиңе жоопкер болуу. Башка адамдын кайгысын сезүү. Өзүңө өзүң сын көз менен карай билүү. Балким, адамдын сүйгөн китептери анын ички дүйнөсүнүн көрүнбөгөн өмүр баяныдыр. Кайсы чыгарманы кайра окуйбуз, кайсы каармандын сөзүн эстейбиз, кайсы акындын саптары жүрөгүбүздө калат — мунун баары биздин дүйнөгө кандай көз менен карарыбыздан кабар берет. Ал эми адам өзү ыр жаза баштаганда, балким, ошол көрүнбөгөн өмүр баянынын бир бөлүгүн өзү кагазга түшүрүп жаткандыр.
Канатбек Рыскулбековичтин дарыгерлик дүйнөсү менен акындык дүйнөсүнүн ортосундагы байланыш да ушунда көрүнөт.
Медицина адамдын өмүрүн сактоого умтулат. Адабият ошол өмүрдүн баасын жана маанисин аңдоого жардам берет. Дарыгер адамдын жүрөгүнүн согушун тыңшаса, акын ошол жүрөктүн үнүн угууга аракет кылат. Ал эми бир адамдын ичинде дарыгер менен ыр жазган сезимтал адам катар жашасачы?..
Анда бири адамдын денесиндеги ооруну угуп, экинчиси анын жан дүйнөсүндөгү үнүн сезгендей.
Тоо курчаган ушул чакан эс алуу жайынын жетекчисинин эмгеги мамлекет тарабынан бааланды бекен? Мындай адамкерчилиги бийик, акындын жүрөгүн сезе алган адам байлык, бийлик, сыйлык деп жулунбаса деле керек...
Ойлорум акындарга, «Манаска», Кичинекей ханзаадага, анан Канатбек Рыскулбековичтин өзүнүн ырларына кетип, «Сыйлыгыңыз барбы? Мамлекет эмгегиңизди бааладыбы?» — деп сурабай калыптырмын.
Эс алгандан бери бир топ убакыт өттү. Сиз тууралуу жазып баштаганыма да бир топ болуптур. Асылнарк керек бизге. Нарктуу, барктуу, өтөлгөлүү өмүр тилейм. Кем болбоңуз, бар болуңуз.