Аталар АКИpress
RU KG
АКИpress аркылуу кирүү
30-март 2011 · УЕЗБАЙ ЧАПЫРАШТЫ УУЛУ

Жомокчу

Уезбай  чапырашты уулу Уезбай Чапырашты уулу 1890-жылы Кетментөбө өрөөнүндөгүАкчий айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Шевченко атындагы кыштакта жаңы ачылган үч жылдык орус-тузем мектебине 1914-жылы кирип, аны 1917-жылы бүтүрүп чыгат. 1917–1919-жылдары Музтөр волревкомунун секретары, 1920–1923-жылдарда райондук милициянын комиссары, 1923-жылдын күзүндө Союзкошчунун (патрочком) председатели, 1924–1926-жылдары райондук эл судьясы, 1927–1928- жылдары Арым шериктигине (райпотребсоюзга) председатель болуп иштейт.

1928-жылы райондо колхоз уюштуруп, адегенде Орозбеков атындагы артель, кийинчерээк «1-май» колхозуна биринчилерден болуп кирген. 1930–1956-жылдары Москва атындагы колхоздо ферма башчысы кызматында эмгектенген.

Мында айта кете турган сөз: 1918-жылдан 1928-жылга чейин басмачыларга каршы күрөшүүдө активдүүкатышкан адам болгон. Командир Арстанаалы Осмонбековдон бир канча жолу алкыш алган. Арстанаалы Осмонбековго жардамчы командир болуп, ошол жылдары басмачыларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп келишкен.

 

Кирүү


Забыл пароль - калыбына келтирүү

Каттала элексизби? - каттоо

каттоо

Катталдыңызбы? - кирүү

Сыр белгини калыбына келтирүү

Катталдыңызбы? - кирүү